ПостановлениеДействует

Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2026-жылдын 21-августундагы «Базар-Турук айылындагы балдар ойноочуу аянтчага»Кадыр Ата«ысымын ыйгаруу жөнүндө» №12/1 токтому

Редакцияот 21.08.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 21-августу №12/1

 

  

 Базар-Турук айылындагы балдар ойноочуу аянтчага “Кадыр Ата” ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жɵнүндɵ” Мыйзамынын   7-беренесин жетекчиликке алып, Базар-Турук айылынын тургуну Кадыров Бердибектин  кайрылуусун карап, Базар-Турук айылындагы жаңы курулган балдар ойноочу аянтчага элдин сый урматына ээ болгон, жаш муундарды тарбиялоого зор салымын кошкон Алапаев Кадырдын ысымын ыйгаруу боюнча Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊешинин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.    Базар-Турук айылынын тургуну Кадыров Бердибектин 14-август 2026-жылдагы кайрылуусу канааттандырылсын;

 

2.    Базар-Турук айылынын Кара-Чий участкасындагы К. Алапаев кɵчɵсүнɵ жаңы курулган балдар ойноочу аянтча мындан ары “Кадыр Ата” балдар ойноочу аянтчасы болуп аталсын;

 

3.    “Кадыр Ата” балдар ойноочу аянтчасынын жыл сайын оңдоп-түзɵɵ иштерин жүргүзүп туруу жагы Кадыров Бердибекке тапшырылсын.

 

4.    Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

5.    Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кɵчүрмɵсү тиркемелери менен бирге Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн. 

 

6.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

7.    Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын ɵзүмɵ калтырам.

 

    Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек