Постановление Кабинета Министров КР от 5 ноября 2026 года № 742 «Об утверждении Порядка государственного контроля за экономической концентрацией»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-ноябры № 742
Экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоо
тартибин бекитүү жөнүндө
«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 617 «Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-ноябрындагы № 84 (3844) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |