Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ««Аруузат» бала бакчасына тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө» №23/3 токтому
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XXIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-октябры № 23/3
«Аруузат» бала бакчасына тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында «Аруузат» бала бакчасына ачылган 3 сааттык 2 тайпаны 10 сааттык кылып өткөрүүгө макулдук берүү тууралуу «Аруузат» бала бакчасынын директорунун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелеринжетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында «Аруузат» бала бакчасына ачылган 3 сааттык 2 тайпаны 10 сааттык кылып өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына жана «Аруузат» бала бакчасынын директоруна милдеттендирилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, маданият, спорт, жаштар иштери жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |