Распоряжение Кабинета Министров КР от 29 октября 2026 года № 817-т «О предоставлении прав пользования недрами»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-октябры № 817-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан Дуваташ кен чыккан жериндеги алтындын аянтын иштетүү максатында тиркемеге ылайык координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн аянтты пайдалануу башталганга чейин "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоону камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан Дуваташ кен чыккан жериндеги алтын аянтынын бурчтук чекиттеринин координаттары
Бурчтук чекиттердин координаттары | ||
№ | X | Y |
1 | 12674500 | 4419270 |
2 | 12676340 | 4419595 |
3 | 12676710 | 4417770 |
4 | 12674370 | 4417501 |
Аянты 378,4 га | ||