ПостановлениеДействует

Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 6-октябрындагы ««Аруузат» бала бакчасына акча каражат бөлүү жөнүндө» №23/4 токтому.

Редакцияот 06.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 КЕЗЕКСИЗ XXIII СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 6-октябры  № 23/4

 

 «Аруузат» бала бакчасына акча каражат бөлүү жөнүндө

 

Кочкор районунун өнүктүрүү фондунадаярдалган «Аруузат» бала бакчасына керектүү каражаттарды сатып алууга жалпы наркы 121 600 (Бир жүз жыйырма бир миң алты жүз) сомду түзгөн долбоорго өздүк салым катары 12 160 (он эки миң бир жүз алтымыш)сом акча каражатын бөлүү тууралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.    Кочкор районунун өнүктүрүү фондунадаярдалган «Аруузат» бала бакчасына керектүү каражаттарды сатып алууга жалпы наркы 121 600 (Бир жүз жыйырма бир миң алты жүз) сомду түзгөн долбоор жактырылсын.

2.    Кочкор районунун өнүктүрүү фондунадаярдалган «Аруузат» бала бакчасына керектүү каражаттарды сатып алууга жалпы наркы 121 600 (Бир жүз жыйырма бир миң алты жүз) сомду түзгөн долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 12 160 (он эки миң бир жүз алтымыш)сом бөлүнсүн.

3.    Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.    Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.

5.    Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

7.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

    Төрага

Р. Жолдошбеков