Постановление Кабинета Министров КР от 4 ноября 2026 года № 736 «О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере антимонопольного регулирования»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-ноябры № 736
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 12, 19, 21-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жободо:
12-пунктта:
- 2-пунктчада:
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде бул Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган кесепеттерге алып келиши мүмкүн болсо, эки же андан көп чарбалык субъектти бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү, ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында эки же бир нече уюм тарабынан чарбалык субъектти (биргелешкен ишкананы) түзүү, ошондой эле уставдык капиталдагы акцияларды (үлүштөрдү) сатып алуу жөнүндө чарбалык субъекттердин өтүнүчтөрүн карайт жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат;";
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу системасын уюштуруу боюнча чарбалык субъекттин ички актысын карайт жана анын монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө корутунду берет;
- мамлекеттик жардамды берүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорун карайт жана эгерде финансылык жардамдын жалпы өлчөмү минималдуу босогодон ашып кетсе, мындай чечимдердин (преференцияларды, жардамды жана (же) субсидияларды берүү жөнүндө) тигил же бул тармактагы атаандаштыктын абалына мүмкүн болуучу кесепеттерин баалайт;";
- 3-пунктчада:
төртүнчү абзацтагы "чечимди белгиленген тартипте кабыл алат" деген сөздөр "доо арыз менен сотко белгиленген тартипте кайрылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
онунчу, он биринчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эки же андан көп чарбалык субъекттин биригүүсүнө, кошулуусуна, өзгөртүп түзүлүшүнө, табигый монополия субъектинин кайра уюштурулушуна жана жоюлушуна, ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында эки же бир нече уюм тарабынан чарбалык субъектти (биргелешкен ишкананы) түзүүсүнө;
чарбалык субъекттин уставдык капиталындагы үлүштөрдү (акцияларды, пайларды) сатып алууда Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышына;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контроль жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контроль жүргүзүүнүн тартибинде:
- 2-пункттун биринчи абзацында "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде" деген сөздөр "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктта "6, 7 жана 7-1-беренелерин" деген сөздөр "13 жана 14-беренелерин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий статистика иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесинин 7-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 "Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |