ПостановлениеДействует

Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 5-октябрындагы «Жайыт акысынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндөгү айылдык кеңештин кабыл алынган кээ бир токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» №13/2 токтому.

Редакцияот 05.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 5-октябрь №13/2

   

  Жайыт акысынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндөгү айылдык кеңештин кабыл алынган кээ бир токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

     Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы мамлекеттик жайыттарды пайдалануу акысын белгилөөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу, жайыт акысынын ставкаларын ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү жана жайыт пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесин, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” мыйзамынын 39-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.    Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши тарабынан кабыл алынган төмөнкү    эки токтому ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып күчүн жоготту деп таанылсын (жокко чыгарылсын):

 

1)    Айыл аймагындагы топоздор үчүн 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө жайыт акысын төлөөнү караган 30-июнь 2026-жылдагы  “Куйручук-Кызарт айыл аймагында топоздор үчүн жайыт акысынын тарифин бекитүү жөнүндө” №11/6 токтому;

 

2)    Турист ташыган аттарга 500 (беш жүз) сом жана айыл аймагында туруктуу жашабаган, бирок ишкерлик кылып аттарын бактырган жеке ишкерлердин аттарына 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө жайыт акысын төлөөнү караган 30-июнь 2026-жылдагы “Куйручук-Кызарт айыл аймагында туризм тармагында ат турларын уюштуруу максатында багылып жаткан аттар үчүн жайыт акысынын тарифин бекитүү жөнүндө” №11/7 токтому;

 

2 .Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб- сайтына жарыялансын

 

3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кɵчүрмɵсү тиркемелери менен бирге Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн. 

 

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын ɵзүмɵ калтырам.

 

  

    Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек