ПостановлениеДействует

Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 6-октябрындагы «К.Кадыралиев атындагы орто мектебине акча каражат бөлүү жөнүндө» №23/5 токтому

Редакцияот 06.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 КЕЗЕКСИЗ XXIII СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 6-октябры  № 23/5

 

 К.Кадыралиев атындагы орто мектебине акча каражат бөлүү жөнүндө

 

К.Кадыралиев атындагы орто мектебинин отканасы эски болгондуктан, жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана авариялык абалды алдын алуу үчүн керектүү электр материалдарын сатып алууга жалпы наркы 115 000 (бир жүз он беш миң)сом акча каражатын бөлүү тууралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.    К.Кадыралиев атындагы орто мектебине керектүү электр материалдарын сатып алууга 115 000 (бир жүз он беш миң)сом айыл аймагынын бюджетинен бөлүнсүн.

2.    Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.

4.    Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

    Төрага

Р. Жолдошбеков