ПостановлениеДействует

Постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики от 4 ноября 2026 года № 737 «О мерах по внедрению фискального программного обеспечения с функцией передачи данных»

Редакцияот 04.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 4-ноябры № 737

 

Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча

чаралар жөнүндө

 

Салыктык башкарууну өркүндөтүү, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчаны эсепке алуунун толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоого талаптарды белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн 15-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун реестрин жана фискалдык программалык камсыздоонун операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;

3) Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону милдеттүү түрдө колдонуу менен ишкердик субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрүнүн тизмеги, аны киргизүүнүн мөөнөттөрү жана аймактары 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) 3-тиркемеде каралбаган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөр маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун реестрине киргизилген маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун модели болгон шартта маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону ыктыярдуу негизде колдонууга укуктуу. Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону ыктыярдуу колдонууда мындай салык төлөөчүлөр ушул токтомдун талаптарын сактоого милдеттүү;

2) пилоттук долбоорго катышкан маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун операторлору жана маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун моделдери ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде 2-тиркемеде белгиленген тартипте көрсөтүлгөн жол-жоболордон кийин өткөн шартта, 2-тиркемеде белгиленген жол-жоболорду сактабастан маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун операторлорунун реестрине жана маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун реестрине киргизилүүгө тийиш;

3) пилоттук долбоорго катышкан маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун операторлору ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде 2-тиркемеде белгиленген жол-жоболордон өтпөгөн учурда маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун модели жана (же) маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун оператору ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бир тараптуу тартипте маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун реестринен жана (же) маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун операторлорунун реестринен чыгарылууга тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы арыз ээлеринин фискалдык программалык камсыздоонун реестрине маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун моделдерин киргизүү жөнүндө кайрылууларын кароо үчүн ведомстволор аралык комиссияны түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

1) арыз ээлеринин фискалдык программалык камсыздоонун реестрине маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун моделдерин киргизүү жөнүндө кайрылууларын кароо үчүн ведомстволор аралык комиссияны түзсүн;

2) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын ишинин регламентин жана анын курамын ыйгарым укуктуу салык органынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук, маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин ичинен бекитсин.

5. Ыйгарым укуктуу салык органы ушул токтомго ылайык маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону колдонуу боюнча милдети жайылтылган ишкердик субъекттери үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-ноябрындагы № 84 (3844) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев