ПостановлениеДействует

Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 17/151 «Романовка айылындагы Тойбаева жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде муниципалдык жерди акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайды уюштурууга макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 15.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 15-октябры № 17/151

 

Романовка айылындагы Тойбаева жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде муниципалдык жерди акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайды уюштурууга макулдук берүү жөнүндө

 

Романовка айылындагы Тойбаева жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан муниципалдык жер тилкесин натыйжалуу пайдалануу, транспорт каражаттарын токтотуу үчүн шарттарды түзүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алып, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Романовка айылындагы Тойбаева жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан муниципалдык жер тилкесинде муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайды уюштурууга макулдук берилсин.

2. Аталган жер тилкесинин аянты, чек аралары, кадастрдык маалыматы жана унаа токтотуучу жайдын жайгашуу схемасы Гавриловка айыл өкмөтү тарабынан такталсын.

3. Гавриловка айыл өкмөтүнө төмөнкү иштерди аткаруу сунушталсын:

1.унаа токтотуучу жайды уюштуруу боюнча зарыл документтерди даярдоо;

2.жол кыймылынын коопсуздугу боюнча тиешелүү органдар менен макулдашуу жүргүзүү;

3.унаа токтотуучу жайды пайдалануу эрежелерин жана иштөө тартибин иштеп чыгуу;

4.акы төлөө тарифтерин жана төлөмдөрдү чогултуу тартибин мыйзамдарда белгиленген компетенцияга ылайык бекитүү үчүн тиешелүү документтерди даярдоо;

5.түшкөн каражаттарды эсепке алууну жана мыйзамдарга ылайык бюджетке чегерүүнү камсыз кылуу.

4. Унаа токтотуучу жайды уюштуруу жана пайдаланууга берүү тиешелүү макулдашуулар алынгандан жана мыйзамдарда каралган талаптар аткарылгандан кийин жүргүзүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

6. Ушул токтом мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                         Б.М. Мамыркулов