Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 17/149 «Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-февралындагы № 3 сандуу токтомуна жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-октябры № 17/149
Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-февралындагы № 3 сандуу токтомуна жокко чыгаруу жөнүндө
Сокулук райондук прокуратурасынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-февралындагы № 3 сандуу «Гавриловка айыл өкмөтүнүн акы төлөнүүчү кызматтарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна карата киргизилген каршы билдирүүсүн карап чыгып, анда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы 53сандуу «Маркүмдү узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сокулук райондук прокуратурасынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-февралындагы № 3 сандуу «Гавриловка айыл өкмөтүнүн акы төлөнүүчү кызматтарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна карата киргизилген каршы билдирүүсү эске алынсын.
2.Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-февралындагы № 3 сандуу «Гавриловка айыл өкмөтүнүн акы төлөнүүчү кызматтарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому жокко чыгарылсын.
3.Көрүстөн үчүн жер участогун бөлүп берүү жана маркумду жерге берүү менен байланышкан кызматтар акысыз көрсөтүлсүн. Жарандардан аталган кызматтар үчүн акы алынбасын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү кызматтарынын комбинатынын муниципалдык ишканасынын директору Р. М. Шамузага жүктөлсүн.
5.Ушул токтом мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирсин.
Төрага |
| Б.М. Мамыркулов |