ПорядокДействует

Порядок ведения реестра фискального программного обеспечения с функцией передачи данных и реестра операторов фискального программного обеспечения (Приложение 2 к постановлению Кабинета Министров Кыргызской Республики от 4 ноября 2026 года № 737)

Редакцияот 04.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

2-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-ноябрындагы № 737 токтомуна)

 

Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоонун реестрин жана фискалдык программалык камсыздоонун операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби

 

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесине ылайык, фискалдык программалык камсыздоонун реестрине (мындан ары – ФПК реестри) жана фискалдык программалык камсыздоонун операторлорунун реестрине (мындан ары – ФПК операторлорунун реестри) киргизүү жана андан чыгаруу жол-жобосун жөнгө салуу, колдонууга жана ФПК операторлоруна уруксат берилген маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоого (мындан ары – ФПК) талаптарды аныктоо максатында иштелип чыккан.

2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) ФПК модели – иштеп чыгуучу тарабынан ыйгарылган аталышы жана номери бар программалык камсыздоонун түрү (тиби) же версиясы;

2) ФПК оператору – ФПКны иштеп чыгуучу (ээси) болуп саналган же ФПКнын укук ээси же иштеп чыгуучусу менен түзүлгөн лицензиялык макулдашуунун, келишимдин негизинде башка уюм тарабынан иштелип чыккан ФПКны толуктап иштеп чыгууга жана (же) жайылтууга укугу бар Кыргыз Республикасынын уюму же жеке ишкери;

3) ФПК операторлорунун реестри – ФПК операторлорунун реестрине киргизилген ФПК операторлору жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;

4) ФПК реестри – ФПК реестрине киргизилген ФПК моделдери жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;

5) «Фискалдык коннектор» адистештирилген программалык камсыздоо (мындан ары – ФК АПК) – ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына (мындан ары – ЫСО МС) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКда маалыматтарды автоматтык чогултууну, түзүмдөштүрүүнү жана берүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу салык органынын программалык компоненти.

Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген талаптарды, маалыматтардын форматтарын жана ишке киргизүү мөөнөттөрүн эске алуу менен ФК АПК өзүнчө функциялык чечимдер, анын ичинде калкка товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу жана берүү үчүн арналган ФК АПК 1 түрүндө колдонулушу мүмкүн;

6) Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын техникалык документтери – төмөнкүлөрдү камтыган документтердин комплекти:

– деталдуу иштелип чыккан техникалык тапшырмалар;

– программалык камсыздоонун баштапкы кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү бар кызматкерлердин тизмеги;

– ФПКнын архитектурасы жана анын ишин сыпаттоо схемасы;

7) ФПКнын эксплуатациялык документтери – иштеп чыгуучу, системалык администратор жана пайдалануучу үчүн колдонмо менен ФПКны пайдалануунун толук нускамасын камтыган документтердин пакети.

 

2-глава. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптар

 

3. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген талаптарга, форматка жана тартипке ылайык маалыматтарды ФК АПК аркылуу түзүүнү, сактоону жана ЫСО МСга берүүнү;

2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде салык төлөөчү тарабынан маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКда жүргүзүлгөн бардык операцияларды жана иш-аракеттерди сактоону;

3) маалыматтарды уруксатсыз кирүүдөн, өзгөртүүдөн, жок кылуудан (өчүрүүдөн), бөгөт коюудан жана башка укукка каршы иш-аракеттерден коргоону;

4) алгачкы жана оңдолгон маалыматтарды сактоону;

5) салык төлөөчү ЫСО МСда катталгандан кийин гана маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын ишин;

6) салык төлөөчү ЫСО МСда каттоодон чыгарылгандан кийин ишти токтото турууну;

7) ЫСО МСда жана (же) ФК АПКда башка программалык чечимдер (программалык катмарлар, тышкы модулдар, плагиндер, шлюздар, сервистер жана башка программалык-техникалык каражаттар) аркылуу маалыматтарды түзүүгө, сактоого, иштеп чыгууга жана берүүгө тыюу салууну;

8) калкка товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жөнүндө программалык камсыздоо документинин реквизиттерин контролдук-кассалык чектин милдеттүү реквизиттери менен генерациялоону. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК катталган эсептешүү операциялары жөнүндө маалыматтарды фискалдаштыргандан кийин аларды өчүрүү, өзгөртүү же жашыруу мүмкүнчүлүгүнө жол бербөөгө тийиш.

4. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны салык төлөөчү пайдаланган жеткирүүнүн тышкы сервистери, электрондук төлөмдөр, маркетплейстер, объекттерди башкаруу системалары жана башка программалык компоненттер менен төмөнкү шарттарда интеграциялоого жол берилет:

1) бул интеграция маалыматтарды ЫСО МСга жана (же) ФК АПКга берүү процесстерине таасирин тийгизбейт;

2) интеллектуалдык менчикти коргоону жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык мындай программалык компоненттерди пайдаланууга мыйзамдуу укукту ырастаган документтердин болушу.

Эгерде маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК иштегенде ФПК оператору анын ээси же иштеп чыгуучусу болуп саналбаган программалык компоненттерди ФПК оператору пайдаланса, ФПК оператору мындай программалык компонентти пайдалануунун мыйзамдуулугун ырастаган төмөнкү документтерди ыйгарым укуктуу салык органына берүүгө милдеттүү:

– иштеп чыгуучунун же укук ээсинин тиешелүү программалык компонентке болгон менчик укугун ырастаган документтер;

– ФПК операторунун программалык компонентти пайдаланууга жана (же) толуктап иштеп чыгууга укугун ырастаган лицензиялык келишим.

Ошол эле учурда программалык компоненттерди пайдалануунун укук ченемдүүлүгүн ырастаган документтердин пакетинин курамына тиешелүү программалык камсыздоону техникалык колдоо, коштоо жана техникалык бузулууларды четтетүү тартибин жана шарттарын караган документтер милдеттүү тартипте кирүүгө тийиш.

5. Маалыматтарды ФК АПК аркылуу берүү маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын функционалынын ажырагыс, орнотулган (киргизилген) бөлүгү болууга жана маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын программалык кодунда түздөн-түз ишке ашырылууга тийиш. Өзүнчө программалык чечимди, тышкы модулду, плагинди, шлюзду же башка программалык-техникалык каражатты пайдалануу менен маалыматтарды берүүгө жол берилбейт.

6. ФПК оператору тиешелүү программалык компоненттердин иштеп чыгуучусу болуп саналгандыгына же үчүнчү жактардын программалык компоненттерин пайдалангандыгына карабастан, маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын иштөөсү үчүн, анын ичинде программалык компоненттерди пайдалануунун мыйзамдуулугу, ЫСО МС менен интеграциялоонун тууралыгы, берилүүчү маалыматтардын бүтүндүгү, аныктыгы жана коопсуздугу үчүн толук жоопкерчилик тартат.

7. ЫСО МС менен байланыш жок болгон учурда маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК байланыш калыбына келтирилгенден кийин автоматтык түрдө өткөрүп берүү менен маалыматтарды убактылуу сактоону камсыз кылууга тийиш.

8. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК ЫСО МС менен программалык камсыздоонун шайкештигин камсыз кылууга милдеттүү.

9. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК контролдук-кассалык чекте сатылган товарды (жумушту, кызмат көрсөтүүнү) бирдей идентификациялоого мүмкүндүк берген алардын аталышын көрсөтүү менен сатылган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтардын туура чагылдырылышын ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген классификаторлорго, маалымдамаларга же талаптарга ылайык камсыз кылууга тийиш. Ушул Тартиптин талаптарына жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык сатуу предметин, анын санын, наркын аныктоого мүмкүндүк бербеген, ээси көрсөтүлбөгөн же шарттуу аталыштарды, ошондой эле арзандатуулар, бонустар, алдын ала төлөмдөр, аванстар, кайтаруулар жана башка операциялар жөнүндө маалыматтарды колдонууга жол берилбейт.

10. Заказдарды кабыл алуу, коомдук тамактанууну автоматташтыруу, өндүрүштү башкаруу же башка программалык компоненттердин системалары менен биргеликте маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонууда эсептешүү операциясы үчүн негиз болгон маалыматтар контролдук-кассалык чекти түзүүдө автоматтык түрдө пайдаланылууга тийиш. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК эсептешүү операциясынын маалыматтарына шайкеш келбеген маалыматтарды камтыган фискалдык документти түзүүгө жол бербөөгө тийиш.

11. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК эсептешүү операцияларын эсепке алуунун толуктугун контролдоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле салыктык башкаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө отчеттуулукту жана башка маалыматтарды түзүүнү камсыз кылууга тийиш.

12. Документ түзүлгөндөн кийин эсептешүү операциясы жөнүндө маалыматтарды ар кандай өзгөртүүгө мыйзамдарда каралган документтерди тариздөө аркылуу гана жол берилет, ошол эле учурда алгачкы жазуу датаны, убакытты жана тиешелүү иш-аракетти аткарган пайдалануучуну белгилөө менен өзгөртүлбөгөн түрдө милдеттүү сакталууга тийиш.

3-глава. ФПК реестрине ФПКны киргизүү тартиби

 

13. ФПК моделинин ушул Тартиптин 2-главасында көрсөтүлгөн техникалык талаптарга шайкештигин ырастоо жол-жобосунан өтүү үчүн арыз ээси санариптештирүү жана электрондук башкаруу жаатындагы, санариптик кол тамганы пайдалануу, мамлекеттик жана муниципалдык санариптик кызмат көрсөтүүлөр, идентификациялоо системалары, санариптик технологияларга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жана телекөрсөтүү, архив иши, киберкоопсуздук, спутник технологиялары, мейкиндик маалыматтары, жасалма интеллект жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) төмөнкү документтерди тиркеп, арыз менен кайрылат:

1) Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык ФПКга автордук укукту ырастаган документтерди же башка уюм тарабынан иштелип чыккан, ФПКны толуктап иштеп чыгууга жана (же) жайылтууга арыз ээсинин укугун күбөлөндүргөн документтерди (лицензиялык макулдашууну, ФПКнын укук ээси же иштеп чыгуучусу менен келишимди);

2) кагаз жана электрондук түрдөгү техникалык документтерди;

3) кагаз жана электрондук түрдөгү эксплуатациялык документтерди;

4) ФПКнын аталыштарын, моделдерин жана версияларын.

14. Арыз ээлеринин кайрылууларын кароо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курамында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу салык органынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук, маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссияны түзүүнү демилгелейт.

15. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы жана иш регламенти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.

16. Ведомстволор аралык комиссия маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК сунуштаган чечимдерди техникалык баалоо үчүн мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу.

17. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсинин документтеринин толук пакетин алгандан кийин арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде аны карап чыгат жана маалыматтардын толуктугун баалайт жана документтердин толук пакети берилген учурда документтерди жана ФПК моделин карап чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын өткөрүүнү демилгелейт.

18. Ведомстволор аралык комиссия 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ФПК моделинин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкештигин карап чыгуу жол-жобосун жүргүзөт жана анын жыйынтыгы боюнча ФПК моделинин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкештиги/шайкеш эместиги жөнүндө чечим чыгарат.

19. ФПК моделин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкештигин толуктап иштеп чыгуу зарыл болгон учурда, арыз ээсине толуктап иштеп чыгууга бир жумалык мөөнөт берилет, анын жыйынтыгы боюнча арыз ээси кайрадан кароого ыйгарым укуктуу органга кабарлама жиберет.

20. Ведомстволор аралык комиссия ФПК моделинин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 3 (үч) жумуш күндүн ичинде арыз ээсине тиешелүү техникалык корутунду берет.

21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ФПК моделинин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкештиги жөнүндө техникалык корутунду берилгенден кийин анын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу салык органына жөнөтөт.

22. Ыйгарым укуктуу салык органы ФПК моделинин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкештиги жөнүндө техникалык корутунду алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде тиешелүү ФПК моделин ФПК реестрине киргизет жана маалыматтарды расмий сайтка жайгаштырат.

23. Өзгөртүүлөр киргизилген учурда ФПК оператору ФПК моделинин өзгөртүлгөн версиясын эксплутациялоо башталганга чейин ушул Тартипте белгиленген тартипте шайкештикти ырастоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.

24. Ыйгарым укуктуу салык органы ФПК реестрин электрондук түрдө жүргүзөт жана анын расмий сайтта жайгаштырылышын камсыз кылат.

25. ФПК реестри төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) укук ээсинин жана (же) арыз ээсинин уюштуруу-укуктук формасын, ошондой эле алардын байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен толук аталышы жана идентификациялык салык номери;

2) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделинин аталышы;

3) оң техникалык корутундунун берилген датасы жана номери;

4) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК колдонулушу мүмкүн болгон иш чөйрөсү.

4-глава. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделин ФПК реестринен чыгаруунун тартиби

 

26. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК модели ФПК реестрине киргизилгенден кийин анын белгиленген талаптарга шайкеш эместиги, анын ичинде маалыматтарды уруксатсыз өзгөртүү, өчүрүү же оңдоо, маалыматтарды сактоо жана берүү талаптарын бузуу, ошондой эле программалык камсыздоону уруксатсыз модификациялоо фактылары аныкталган учурда, ыйгарым укуктуу салык органы ФПК реестрине киргизилген маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделинин техникалык талаптарга шайкештигин кайра кароо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.

Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделдеринин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын техникалык талаптарына шайкештиги жөнүндө маселени кароо ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.

27. Кайра кароонун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

1) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделинин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкештигин ырастоо жөнүндө;

2) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделинин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкеш эместиги жөнүндө.

28. Ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган техникалык корутунду берет.

29. Төмөнкү учурларда маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК модели ФПК реестринен чыгарылууга тийиш:

1) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделинин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкеш эместиги жөнүндө техникалык корутунду алынганда;

2) укук ээси же арыз ээси маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделин реестрден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылганда;

3) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделин коштоону камсыз кылган башка ФПК оператору жок болгон учурда ФПК операторунун иши токтотулганда.

30. Ыйгарым укуктуу салык органы маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделинин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкеш эместиги жөнүндө техникалык корутунду алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында жайгаштырылган маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделин ФПК реестринен чыгарат.

31. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК модели ФПК реестринен чыгарылган учурда ыйгарым укуктуу салык органы ФПК операторуна жана ушул маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделин колдонгон салык төлөөчүгө кабарлайт.

32. ФПК реестрине киргизилген башка ФПК моделине өтүү үчүн салык төлөөчүгө 30 календардык күнгө чейинки мөөнөт берилет.

33. Маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделин ФПК реестринен чыгаруу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделинин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкеш эместиги жөнүндө техникалык корутундуну алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

 

5-глава. ФПК операторуна карата талаптар жана

анын милдеттенмелери

 

34. ФПК операторлорунун реестрине киргизүү үчүн арыз ээси төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:

1) салык органында жеке ишкер же уюм катары каттоодон өтүүгө;

2) ФПК реестрине киргизилген маалыматтарды берүү функциясы бар тейленүүчү ФПКны пайдаланууга, жайылтууга жана (же) толуктап иштеп чыгууга мыйзамдуу укуктарга ээ болууга.

35. ФПК оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны ЫСО МСке туташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга;

2) маалыматтарды коопсуз сактоону, ыйгарым укуктуу салык органынын талабы боюнча маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн демонстрациялоону, маалыматтарды электрондук түрдө иштеп чыгууну жана берүүнү, ЫСО МС менен күнү-түнү маалымат алмашууну, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн жабдууларына маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны орнотууну, жаңыртууну, техникалык коштоону жана анын ишке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүнү, анын ичинде аралыктан колдоону жана зарыл болгон учурда жерине барып тейлөөнү камсыз кылуучу техникалык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга;

3) программалык камсыздоону, шифрлөө каражаттарын жана маалыматтык системаларды пайдаланууга жана иштеп чыгууга зарыл болгон бардык лицензияларга жана уруксаттарга ээ болууга;

4) салык төлөөчүлөрдүн маалыматтарын коргоону жана аларга уруксатсыз кирүүгө жол бербөөнү, анын ичинде маалыматтар салык кызматынын органдарына берилген учурларды кошпогондо, ФПК операторунун кызматкерлери тарабынан салык төлөөчүлөрдүн салыктык, коммерциялык жана башка сырларынын сакталышын камсыз кылууга;

5) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгилеген талаптарга, форматка жана тартипке ылайык маалыматтарды ЫСО МСке берүүнү камсыз кылууга;

6) күнү-түнү техникалык колдоону, анын ичинде бузулууларды ыкчам четтетүүнү жана тейлөөнү камсыз кылууга;

7) ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө жана маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны ЫСО МС менен интеграциялоону камсыз кылууга;

8) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын ушул Тартипте белгиленген маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптарга шайкештигин камсыз кылууга;

9) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын ишине мониторинг жүргүзүүгө жана техникалык үзгүлтүктөргө ыкчам чара көрүүгө;

10) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКдагы маалыматтарды өзгөртүү максатында уруксатсыз кийлигишүү аныкталган учурлар жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органына расмий тартипте токтоосуз маалымдоого;

11) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын үзгүлтүксүз иштешин жана колдонуучулардын маалыматтарынын сакталышын, ошондой эле ФПК операторунун иши токтотулган, ал ФПК операторлорунун реестринен чыгарылган же кызматтарды андан ары көрсөтүүгө тоскоолдук кылган башка жагдайлар келип чыккан учурда колдонуучуларга маалыматтарды жоготпостон жана салык төлөөчүнүн ишин үзгүлтүккө учуратпастан башка оператордун маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга өтүүсүнө мүмкүндүк берүүчү уюштуруучулук жана техникалык механизмдердин болушун камсыз кылууга;

12) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны эксплуатациялоо боюнча колдонуучу салык төлөөчүлөрдү окутууну камсыз кылууга, зарыл болгон техникалык колдоо көрсөтүүгө жана маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонуу боюнча окутуучу материалдарды ФПК операторунун расмий сайтына жайгаштырууга;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык салыктык эсепке алуунун ачык-айкындуулугун жана толуктугун камсыз кылуу үчүн системанын ишинин ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылууга;

14) ушул Тартиптин 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтердеги маалыматтар өзгөргөндө, алар өзгөргөн учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына кабарлоого;

15) уюм жоюлганда (иши токтотулганда) же кайра уюштурулганда, жоюу (ишин токтотуу) же кайра уюштуруу жол-жобосу башталганга чейин 30 күн мурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматын жана өзүнүн кардарларын кабарлоого;

16) интерфейстин өзгөрүүлөрүн кошпогондо, тиешелүү өзгөртүүлөр эксплуатацияга киргизилгенге чейин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого;

17) ыйгарым укуктуу салык органы сураган формага ылайык тейленүүчү салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына берүүгө;

18) салык төлөөчү менен биргеликте салык төлөөчүнүн тейленүүчү маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын каттоо маалыматтарын салык кызматынын органдарынан тиешелүү кабарлама алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен шайкеш келтирүүгө;

19) өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу салык органынын суроо-талаптарын кароого жана тиешелүү суроо-талап алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жана (же) электрондук түрдө жоопторду берүүгө;

20) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонуу менен операцияларды бир жылдан ашык убакыт бою жүргүзбөгөн салык төлөөчүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жана мындай маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны каттоодон чыгаруу жол-жобосу башталганга чейин кеминде 10 (он) жумуш күн мурда субъектке милдеттүү кабарлама менен каттоодон чыгарууну камсыз кылууга;

21) ФПК операторлорунун реестрине киргизилген маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделдерин гана жайылтууга жана тейлөөгө;

22) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга карата техникалык талаптар өзгөргөн учурда салык төлөөчүлөр колдонгон жана маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны салык төлөөчүлөр үчүн акысыз негизде толуктап иштеп чыгууну камсыз кылууга;

23) салык төлөөчүлөр менен маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны техникалык, кепилдик жана сервистик тейлөөгө келишимдердин эсебин жүргүзүүгө, көрсөтүлгөн келишим бузулган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде келишимди бузуу жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органына жана салык төлөөчүнүн иш жүргүзгөн жери боюнча салык органына кабарлоого;

24) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны кошуу, пайдалануу жана коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонуудагы прайс-баракты ФПК операторунун расмий сайтына жайгаштырууга жана анын актуалдуулугун камсыз кылууга.

 

6-глава. ФПК операторлорунун реестрин жүргүзүү

тартиби

 

36. ФПК операторлорунун реестрине киргизүү үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу салык органына ФПК операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө арызды төмөнкүдөй маалыматтарды тиркөө менен жиберет:

1) арыз ээси колдонгон маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын аталышы, модели жана версиясы жөнүндө маалымат;

2) расмий сайттын жана электрондук почтанын дареги, байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагындагы филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн даректери;

3) Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык ФПК реестрине киргизилген ФПКга болгон автордук укукту ырастаган документтер же ФПК реестрине киргизген башка уюм тарабынан иштелип чыккан маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны толуктап иштеп чыгууга жана (же) жайылтууга арыз ээсинин укугун күбөлөндүргөн документтер (лицензиялык макулдашуу, ФПКнын укук ээси же иштеп чыгуучусу менен түзүлгөн келишим);

4) коопсуздук сервери жана сактоо сервери жөнүндө маалымат, атап айтканда:

– сервердик жабдуунун жайгашкан дарегинин реквизиттери менен ижара келишими;

– жеке сервер болгон учурда (жайгашкан жеринин дареги);

5) ФПКнын кагаз жана электрондук түрдөгү техникалык документтери;

6) ФПКнын кагаз жана электрондук түрдөгү эксплуатациялык документтери;

7) маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын иштешинде маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКнын айрым функцияларын аткарган жана ФПК оператору ээси же иштеп чыгуучусу болуп саналбаган программалык компоненттер пайдаланылган учурда, мындай программалык компоненттерди пайдалануунун мыйзамдуулугун ырастаган документтер, анын ичинде:

– иштеп чыгуучунун же укук ээсинин тиешелүү программалык компонентке болгон менчик укугун ырастаган документтер;

– ФПК операторунун программалык компонентти пайдаланууга жана (же) толуктап иштеп чыгууга укугун ырастаган лицензиялык келишим.

37. Ушул Тартиптин 36-пунктунда белгиленген маалыматтар толук берилген жана ушул Тартиптин 34-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда ыйгарым укуктуу салык органы арыз берген күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде ФПК операторлорунун реестрине арыз ээсин киргизет.

38. Эгерде ФПК операторлорунун реестрине мурда киргизилген ФПК оператору ФПК реестрине киргизилген жаңы тейленүүчү маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК жөнүндө маалыматтарды киргизүү тууралуу (же болбосо мурда билдирилген маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделин алмаштыруу жөнүндө) арыз менен кайрылган учурда, ал ушул Тартиптин 36-пунктунда каралган тийиштүү ФПК моделине тиешелүү документтерди берет. Ушул Тартиптин 36-пунктунда белгиленген маалыматтар толук берилген жана ушул Тартиптин 34-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда ыйгарым укуктуу салык органы арызды алган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде ФПК операторлорунун реестрине жаңыртууларды киргизет.

39. Кошумча текшерүү, кошумча маалыматтарды жана документтерди алуу, мамлекеттик органдарга жана уюмдарга суроо-талаптарды жиберүү, ошондой эле арыздарды кароо үчүн зарыл болгон башка чараларды көрүү зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан арыздарды кароо мөөнөтү арыз ээсине алдын ала кабарлоо менен 20 жумуш күнгө узартылышы мүмкүн.

40. Ыйгарым укуктуу салык органы төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен ФПК операторлорунун реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат:

1) ФПК операторунун уюштуруу-укуктук формасы, ошондой эле байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн толук аталышы жана идентификациялык салык номери;

2) ФПК операторунун расмий сайты жана электрондук почта дареги;

3) филиалдардын же өкүлчүлүктөрдүн даректери, байланыш маалыматтары;

4) оператор тейлеген маалыматтарды берүү функциясы бар ФПК моделдери жөнүндө маалыматтар.

41. ФПК оператору төмөнкү учурларда ФПК операторлорунун реестринен чыгарылат:

1) ушул Тартиптин 35-пунктунун 1, 2–5, 7, 8, 11, 13, 21 жана 22-пунктчаларында каралган милдеттенмелер бузулганда;

2) ФПК реестрине киргизилген маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКга уруксатсыз өзгөртүүлөр киргизилгенде, маалыматтар өчүрүлгөндө же оңдолгондо, аларды сактоо жана берүү талаптары бузулганда, ошондой эле программалык камсыздоо уруксатсыз модификацияланганда;

3) ФПК операторлорунун реестрине киргизүү үчүн документтерде анык эмес маалыматтар берилген фактысы аныкталганда;

4) ушул пункттун 1–3-пунктчаларында көрсөтүлбөгөн ушул Тартиптин башка бузуулары календардык жылдын ичинде эки жолудан ашык аныкталганда. Мындай бузуулар аныкталган учурда ыйгарым укуктуу салык органы ФПК операторуна жазуу жүзүндө кабарлама жөнөтүүгө милдеттүү.

42. Ушул Тартиптин 41-пунктунда көрсөтүлгөн бузуулар аныкталган учурда ыйгарым укуктуу салык органы бузууларды кароо жана ФПК операторун ФПК операторлорунун реестринен чыгаруу маселесин кароо максатында комиссия түзүүнү демилгелейт.

Комиссиянын курамы жана иш регламенти ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

43. Аныкталган бузууларды кароо максатында комиссиянын жыйынына маселеси комиссия тарабынан каралып жаткан ФПК оператору чакырылат.

44. Комиссия тарабынан жыйындын жыйынтыгы боюнча ФПК операторун ФПК операторлорунун реестринен чыгаруу же ФПК операторлорунун реестринен чыгаруу үчүн негиздердин жоктугу (жетишсиздиги) жөнүндө чечим кабыл алынат.

45. Комиссия ФПК операторун ФПК операторлорунун реестринен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, ыйгарым укуктуу салык органы комиссия чечим кабыл алган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ФПК операторлорунун реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

ФПК операторлорунун реестрине киргизүүгө өтүнмө кайрадан ФПК оператору ФПК операторлорунун реестринен чыгарылган күндөн тартып 12 календардык ай өткөндөн эрте эмес берилиши мүмкүн.

46. ФПК операторлорунун реестринен чыгарылган ФПК оператору өзүнүн кардарларынын (программалык камсыздоону пайдалануучулардын) алдында жоопкерчилик тартат жана ФПК операторлорунун реестрине киргизилген башка ФПК операторлорунун программалык камсыздоосуна өтүү мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу алардын ишинин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн ФПК оператору ФПК операторлорунун реестринен чыгарылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде камсыз кылууга милдеттүү.

47. ФПК операторлорунун реестринен чыгарылган ФПК оператору тарабынан тейленген салык төлөөчүлөргө белгиленген тартипте пайдаланууга уруксат берилбеген маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонгондугу үчүн жоопкерчилик чараларын колдонбостон, ФПК операторлорунун реестрине киргизилген ФПК операторуна тейлөөгө өтүү үчүн 30 календардык күнгө чейинки мөөнөт берилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин салык төлөөчүлөрдүн ФПК операторлорунун реестринен чыгарылган ФПК операторунун маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонуу белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилбеген маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны пайдаланууга теңештирилет.

48. ФПК оператору ушул Тартиптин талаптарын бузгандыгы, мамлекетке же салык төлөөчүгө зыян келтирүүгө алып келген аракети/аракетсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.