Указ Президента КР от 6 ноября 2026 года № 373 «Об учреждении Генерального консульства Кыргызской Республики в городе Андижан Республики Узбекистан»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 6-ноябры № 373
Өзбекстан Республикасынын Анжиян
шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы
консулдугун уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө максатында, «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Өзбекстан Республикасынын Анжиян, Фергана жана Наманган облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ишин уюштуруучулук жана финансылык камсыз кылуу маселелерин чечсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-ноябрындагы № 85 (3845) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |