Постановление айылного кенеша Нурманбет от 16 октября 2026 года № 73/XIX «О внесении изменений в доходную и расходную часть местного бюджета айыл окмоту Нурманбет на 3 квартал 2026 года»
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жыл 16-октябрь №73/XIX-29
2026-жылдын 3-кварталына карата Нурманбет айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бөлүм башчы А.Дж. Толубаеванын айыл өкмөтүнө кирешелердин келип түшүүсүнө байланыштуу, Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 3-кварталына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Төмөнкү элементтер боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү
1300,0 (бир миллион үч жүз миң) сомго көбөйтүлсүн:
- 11442320 – «Курулуш куму» 1300,0 (бир миллион үч жүз миң) сомго;
2. Чыгымдарды бөлүштүрүү:
- «ERIK» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан Красная Речка айылынын А.Сыдыков атындагы жалпы билим берүү мектебин капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу, Красная Речка айылындагы маданият үйүнүн имаратында жана борбордук мечитте убактылуу окутууга даярдоого:
- 3111 – 231000
- 2222 – 487000;
3. «Гүл Балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин чатырын оңдоого каражат бөлүп берүүгө:
- 3111 – 582,0 миң сом.
4. Нурманбет айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Бекбаева А.Т.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Д.К.Бакырчаков |