ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 4 ноября 2026 года № 744 «О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении положений о свободных экономических зонах «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» и «Нарын» от 1 августа 2014 года № 431»

Редакцияот 04.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 4-ноябры № 744

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын  1-августундагы № 431 «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана региондорду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө жободо:

– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«16. «Нарын» ЭЭЧнын субъекти катары «Нарын» ЭЭЧнын аймагында иш жүргүзүү укугу үчүн төлөм эсеп-фактураларды жана товарларга декларацияларды тариздөө аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын 1 пайызы жана «Нарын» ЭЭЧда өндүрүлгөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары сатуудан түшкөн акчанын 1 пайызы өлчөмүндө белгиленет.

Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун (дата-борборлорду) уюштуруу жана эксплуатациялоо боюнча, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү (анын ичинде майнинг) ишти, ошондой эле программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүгө байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу «Нарын» ЭЭЧнын субъекттери үчүн электр энергиясын өз алдынча иштеп чыгарган же ага болгон керектөөлөрдү улуттук электр тармагына кошпостон импорттоонун эсебинен камсыз кылган шартта «Нарын» ЭЭЧнын субъекти катары «Нарын» ЭЭЧнын аймагында иш жүргүзүү укугу үчүн төлөм эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде аныкталган жана энергияны көп талап кылуучу өндүрүшкө ээ коммерциялык керектөөчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тариф боюнча эсептелген иш жүзүндө керектелген электр энергиясынын наркына жараша тиешелүү отчеттук мезгил үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

1) коммерциялык эксплуатациялоонун биринчи жылында – 0 (нөл) пайыз;

2) коммерциялык эксплуатациялоонун экинчи жылында – 1,5 (бир бүтүн ондон беш) пайыз;

3) коммерциялык эксплуатациялоонун үчүнчү жылынан баштап – 3 (үч) пайыз.

Жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөрдөн жана «Нарын» ЭЭЧнын башкы дирекциясынын «Нарын» ЭЭЧнын субъекттери менен түзүлгөн келишимдери боюнча төлөмдөрдөн тышкары башка төлөмдөр каралбайт.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-ноябрындагы № 85 (3845) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев