ПостановлениеДействует

Момбеков айылдык кеңешинин 2026-жылынын 01-октябрындагы №2 «Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 01.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Момбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын

кезектүү XX-сессиясынын

 

2026-жыл 01-октябрындагы №2

 

Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды

шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылды 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөүү жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып, Момбеков айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүүгө, жумушчу топтун курамын бекитип берүү максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ чакырылышынын кезектүү 20-сессиясы токтом кылат:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөүү жөнүндө” Жарлыгы аткарууга алынсын.

 

2. Момбеков айыл аймагынын калкынын саны 17663 (он жети миң алты жүз алтымыш үч) болгондугуна карата Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайынын делегаттарынын жалпы саны 80 (сексен) адам ченеминде бекитилсин.

 

3. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайынын делегаттарын шайлоо боюнча тиешелүү аймактарды бөлүктөргө бөлүү ченемдери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

Чек айылы – 12 (он эки) адам

Жазгак айылы – 14(он төрт) адам

Момбеков айылы – 19 (он тогуз) адам

Бостон айылы- 9 (тогуз) адам

Курулуш айылы -19 (он тогуз) адам

Жаңы-Кыштак айылы – 4 (төрт) адам

Эски Кочкор-Ата айылы – 3 (үч) адам

 

4. Кезектеги V Элдик Курултайга коомдоштуктардын жыйындарын же курултайынын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир айылда жыйындарды өткөрүү, уюштуруу № 1 тиркемеге ылайык иш-чара бекитилсин.

 

5. Кезектеги V Элдик Курултайга коомдоштуктардын жыйындарын же курултайынын делегаттарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

6. Кезектеги V Элдик Курултайга коомдоштуктардын жыйындарын же курултайынын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убакыт жана орду жөнүндө расмий маалыматтарды жарыялоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

И. Абдразак уулу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме № 1

 

Момбеков айылдык кенешинин

кезектүү 20-сессиясынын

2026-жылдын 01- октябрындагы

№ 2 токтому менен бекитилген

 

Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайынын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир айылда жыйындарды өткөрүү, уюштуруу боюнча иш-чара

 

п/п

 

 

Калктуу конуштардын аталышы

Кожолуктун саны

Калктын саны

Көрсөтүлүүчү делегаттардын саны

Делегатты көрсөтүү үчүн жыйын өткөрүлө турган убактысы

Жыйынга жооптуу айылдык кеңештин депутаттары

1

Чек айылы

379

2530

12

Чек №23 мектепте

 12.10.2026-жыл

Саат 10:00

Чыйбылова Шайыр,

Кыдыралиев Арген

2

Жазгак айылы

460

3016

14

№ 34 мектепте

 9.10.2026-жыл

саат 14:00

Шакиров Сагын

Осмонова Назгүл

3

Момбеков айылы

660

4070

19

Кыла айылы № 17 мектепте

8.10.2026-жыл

саат 10:00

Таштак айылы ФАП

саат 13:00

Кошоев Нурлан

Караева Назира

Жунусова Мавлюда

Төлөмурзаев Марат

 

Бостон айылы

371

2322

9

№ 44 мектепте

13.10.2026-жыл

саат 10:00

Макибаева Тагдыр

Ураимова Ажар

5

Курулуш айылы

595

4280

19

№ 16 мектепте

15.10.2026-жыл

саат 15:00

Аблакулов Медер

Аджибекова Фарида

6

Жаңы Кыштак айылы

204

1102

4

№ 16 мектепте

15.10.2026-жыл

саат 15:00

Төлөнова Калбү

Каримов Акыл

7

Эски Кочкор-Ата айылы

64

343

3

№ 44 мектепте

 13.10.2026-жыл

саат 10:00

Стамов Нургазы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме № 2

 

Момбеков айылдык кенешинин

кезектүү 20-сессиясынын

2026-жылдын 01- октябрындагы

№ 2 токтому менен бекитилген

 

Кезектеги V Элдик Курултайга жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы

 

- Абдыразак уулу Ислам – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;

- Ж.Юлдашева – айыдык кеңештин катчысы – жумушчу топтун катчысы;

 

Мүчөлөрү: Төлөнова Калбү

Кошоев Улан

Стамов Нургазы