ПостановлениеНе вступил в силу

Постановление Кабинета Министров КР от 6 ноября 2026 года № 743 «О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики»Об утверждении Перечня заболеваний, при наличии которых противопоказано владение оружием, а также препятствующих исполнению обязанностей частного охранника«от 30 апреля 2022 года № 237»

Редакцияот 06.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 6-ноябры № 743

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 237 «Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү, ошондой эле жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Курал алып жүрүүгө тоскоолдук кылуучу медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн тизмегин өркүндөтүү максатында, «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 237 «Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү, ошондой эле жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү, ошондой эле жеке күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегинде:

– 1-пункттун 7-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Электроэнцефалографиялык изилдөө жана эксперименттик-психологиялык текшерүү клиникалык көрсөтмөлөр болгондо психиатр врачтын жолдомосу боюнча жүргүзүлөт.»;

– 3-пункттун 7-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-ноябрындагы № 85 (3845) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев