ПостановлениеДействует

Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 24 «Манас айыл аймагынын көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 25.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-сентябры №24

Манас айыл аймагынын көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо

тартиби боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” 2024-жылдын 22-февралындагы №53 Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтому менен бекитилген Типтүү Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Манас айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.Манас айыл аймагынын көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө Жобосу ушул токтомго №1 тиркеме катары бекитилсин.

2. “Таза айыл үчүн” муниципалдык ишканасы аталган Жободо бекитилген тартипте иш алып барсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы А.М.Исаковага милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Омуров Тилек Бейшенбековичке жүктөлсүн.

2026-жылдын 3-ноябрында https://gagsmsu.kg/2026/11/03/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d1%81%d0%be%d0%ba%d1%83%d0%bb%d1%83%d0%ba-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%88-7/ расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Ж.А.Жанжигитов