Постановление Орловского городского кенеша от 19 июня 2026 года № 106/15-29 «Об утверждении среднесрочного проекта и прогноза бюджета мэрии города Орловка на 2027-2029 годы»
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХV кезектеги сессиясы
2026-жылдын 19-июну № 106/15-29
Орловка шаарынын мэриясынын 2027-2029-жылдарга карата бюджетинин орто мөөнөттүү долбоорун жана божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алуу менен Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Орловка шаарынын мэриясынын 2027-2029-жылдарга карата бюджетинин берилген долбоорун жана болжолу жылдар боюнча бекитилсин. (миң сом менен).
Жергиликтүү бюджеттин кирешеси:
№ | Бардыгы | Анын ичинен бюджеттик каражаттар | Атайын эсеп |
1 | 2027-жыл - 232 248,3 | 223 448,3 | 8800 |
2 | 2028-жыл – 271 479,6 | 262 679,6 | 8800 |
3 | 2029-жыл – 305 230,7 | 296 430,7 | 8800 |
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И. Токтакунов |