ПостановлениеДействует

Постановление Орловского городского кенеша от 6 августа 2026 года № 108/16-29 «Об исполнении местного бюджета мэрии г.Орловка за 6 месяцев 2026 года»

Редакцияот 06.08.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVI кезетеги сессиясы

2026-жылдын 6-августу № 108/16-29

Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде 2026-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышын карап жана талкуулап чыгып, төмөнкүлөр белгиленди:

2026-жылдын 6 айына карата киреше бөлүгү жалпысынан 80917,0миң сом менен бекитилген, анын ичинде жергиликтүү бюджет - 76517,0 миң сом, атайын эсеп каражаттар - 4400,0  миң сом түзгөнү белгиленди. Отчеттук мезгилдин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 181300,9 миң сом, такталган план менен - 163288,5 миң сом, анын ичинде атайын эсеп - 4400,0 миң сомду түздү. Такталган планда - 177037,2 миң сом, 2026- жылдын 6 айына карата бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы - 165394,0 миң сом, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаттары - 79733,8 миң сом, атайын каражаттар - 3988,8 миң сом, республикалык бюджеттин каражаттары - 81671,4 миң сомду түздү. Акча каражаттардын өтмө калдыгы 2026-жылдын 1-январына карата 13748,7 миң сомду түздү, анын ичинде 859,4 миң сом – атайын каражаттар, 12889,3 тыс.сом миң сом - бюджеттик каражаттар. 2026-жылдын 6 айына карата бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын эсебин алуу менен жалпысынан 165394,0 миң.сом түздү, анын ичинде:

-70111 «Мэриянын аппараты» - 8465,6 миң сом –бюджеттик каражаттар, респ.бюджет – 162,7 миң сом;

-70111 «Шаардык кеңеш»- 609,5 миң сом –бюджеттик каражаттар;

-70629 «Турак жай коммуналдык чарба» -50055,7 миң сом –бюджеттик каражаттар; 351,5 миң сом –атайын каражаттар, республикалык бюджет - 81481,1 миң сом.

-70823 «Маданият» -3600,8 миң сом –бюджеттик каражаттар;

-71092 «Соцкамсыздоо» - 2060,6 миң сом–бюджеттик каражаттар; жеңилдиктер респупбликалык бюджет-27,6 миң сом.

-70911 «Бала бакчалар» - 7284,9 тыс.сом –бюджеттик каражаттар; 3637,3 миң сом –атайын каражаттар;

-70921 «Орто мектептер» - 4763,2 миң сом – бюджеттик каражаттар;                  

-70961 «Балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби»-2593,5  миң сом –бюджеттик каражаттар;

-70429 «Жайыт комитет» - 300,0 миң сом.

Киреше бөлүктүн аткарылышы такталган планга карата 111,0% түзөт. Чыгаша бөлүктүн аткарылышы такталган планга карата 94,0 % түзөт.

Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасованын 2026-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:

1.Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасованын жергиликтүү бюджеттин 2026-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндө отчету эске алынып канааттандырарлык деп таанылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.И. Токтакунов