ПостановлениеДействует

Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 25 «Манас айыл аймагына караган»Ак-Барчын«мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тамак ашка болгон ата -энелер төлөмдөрүн көтөрүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 25.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 25-сентябры №25

Манас айыл аймагына караган “Ак-Барчын” мектепке чейинки билим

берүү мекемесинин тамак ашка болгон ата -энелер төлөмдөрүн көтөрүү

жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү ” №123-Мыйзамынын 27-беренесинин 19-пунктуна ылайык ошондой эле бала бакчанын 2026-жылдын 10-сентябрында өткөн ата-энелер чогулушунун тамак ашка болгон бааны жогорулатуу жөнүндөгү протоколунун негизинде токтом кылат:

 

1. Манас айыл аймагына караган “Ак-Барчын” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тамак ашка болгон төлөмү 2026-жылдын 1-октябрынан тартып бир күнгө 120 ( жүз жыйырма) сом деп бекитилсин жана “Башка чыгымдар жана муктаждыктар үчүн” 10 ( он) сом өлчөмүндөгү сумма өзгөртүүсүз калтырылсын.

2. Башка чыгымдар жана муктаждыктар үчүн 10 (он) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бала бакчага келбеген күндөрүнө дагы кошуп эсептелсин.

3. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Манас айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Исаковага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Омуровго жүктөлсүн.

2026-жылдын 3-ноябрында https://gagsmsu.kg/2026/11/03/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d1%81%d0%be%d0%ba%d1%83%d0%bb%d1%83%d0%ba-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%88-7/ расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Ж.А.Жанжигитов