Распоряжение Президента КР от 29 октября 2026 года № 375 (Об увеличении предельной штатной численности Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-октябры № 375
Мамлекеттик инвестициялык саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ишин санариптештирүүнүн алкагында инвестициялык долбоорлорду коштоону жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин чектүү штаттык санын 4 (төрт) штаттык бирдикке көбөйтсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |