РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 12 октября 2026 года № 776-т (О предоставлении земельного участка)

Редакцияот 12.10.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 12-октябры № 776-т

 

Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын жана транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү, авиация адистерин даярдоонун улуттук системасын түзүү, чакан жана региондук авиацияны өнүктүрүү, региондордун жана туристтик объекттердин транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын жыйналышынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 17 протоколун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 8-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобонун 55-14-пунктунун 1-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы:

1) Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагындагы № 105 контурда жайгашкан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 5,08 га жер тилкесин Авиациялык окуу борборун куруу үчүн "Шумкар" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомуна акысыз негизде 49 (кырк тогуз) жылга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин;

2) "Шумкар" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коому менен жер тилкесин акысыз негизде 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу келишимин түзсүн;

3) жер тилкесинин максаттуу багытына ылайык пайдаланылышын контролдоону камсыз кылсын;

4) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте "Шумкар" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин акысыз негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун каттасын.

3. "Шумкар" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу пайдалануу;

2) долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү, белгиленген тартипте экологиялык жол-жоболордон өтүү жана зарыл болгон уруксат документтерин алуу;

3) объекттин айлана-чөйрөгө тийгизүүчү терс таасирин алдын алуу жана минималдаштыруу боюнча чараларды ишке ашыруу;

4) Авиациялык окуу борборун долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо Кыргыз Республикасынын жер, шаар куруу, жаратылышты коргоо, санитардык-эпидемиологиялык жана башка мыйзамдарынын талаптарын сактоо;

5) жер тилкесин акысыз негизде пайдалануу келишиминде жана бекитилген долбоордук документтерде каралган мөөнөттөрдө курулушту аяктоо.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев