Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 29 «Жүргүнчүлөрдү ташууга тарифти бекитүү жөнүндө» токтому
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-октябры №29
Жүргүнчүлөрдү ташууга тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы “Автомобиль транспорту жөнүндө ” №154-Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Манас айылдык кеңешинин 2026-жылдын 13-октябрындагы протоколунун негизинде, жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу иштөөсүн, тургундарды үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу максатында Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылдын 13-октябрынан тартып №320 маршруттук каттамында жүрүү үчүн, жүргүнчүлөрдү ташууга баалары бекитилсин:
№320 - маршруттук каттамдын баалары
- Комсомольское айылы - Бишкек шаары – 40 сом
- Лесное айылы - Бишкек шаары -50 сом
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Омуровго жүктөлсүн.
2026-жылдын 3-ноябрында https://gagsmsu.kg/2026/11/03/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d1%81%d0%be%d0%ba%d1%83%d0%bb%d1%83%d0%ba-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%88-7/ расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ж.А.Жанжигитов |