Постановление Кабинета Министров КР от 3 ноября 2026 года № 735 «Об утверждении Положения о радиоэкологическом мониторинге территорий объектов наследия уранового производства и радиоактивных хвостохранилищ после проведения рекультивационных мероприятий»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-ноябры № 735
Уран өндүрүшүнүн мурас объекттеринин жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлардын аймагында рекультивациялоо иш-чараларын жүргүзүүдөн кийин радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлар жана уран өндүрүшүнүн мурастары менен иштөөдө коопсуздукту камсыз кылуу максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8, 13-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Уран өндүрүшүнүн мурас объекттеринин жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлардын аймагында рекультивациялоо иш-чараларын жүргүзүүдөн кийин радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.
3. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |