РаспоряжениеДействует

Распоряжение Президента КР от 29 октября 2026 года № 376 (О создании рабочей группы по разработке Концепции проекта «Энциклопедия наследия кыргызского народа»)

Редакцияот 29.10.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 29-октябры № 376

 

 

Кыргыз элинин тарыхый-маданий жана руханий мурасын сактоо, изилдөө жана популярдаштыруу, «Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясы» концепциясын иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:

 

1. «Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясы» концепциясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары – ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2026-жылдын 25-декабрына чейинки мөөнөттө «Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясы» концепциясын иштеп чыксын.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте министрликтерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматтарды суроого, ошондой эле макулдашуу боюнча иш процессинде келип чыккан маселелерди кароо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын адистерин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартууга укуктуу деп белгиленсин.

4. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары оперативдүү тартипте ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштурууну камсыз кылуучу орган болуп аныкталсын.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров