ПоложениеНе вступил в силу

Положение о радиоэкологическом мониторинге территорий объектов наследия уранового производства и радиоактивных хвостохранилищ после проведения рекультивационных мероприятий (к постановлению Кабинета Министров Кыргызской Республикиот 3 ноября 2026 года № 735)

Редакцияот 03.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-ноябрындагы № 735 токтомуна)

Уран өндүрүшүнүн мурас объекттеринин жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлардын аймагында рекультивациялоо иш-чараларын жүргүзүүдөн кийин радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобо

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнү уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун, радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүгө катышкан мамлекеттик органдар менен уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин, ошондой эле радиациялык жагдай жана айлана-чөйрөнүн радиоактивдүү булганышы жөнүндө маалыматтарды чогултуунун, иштетүүнүн, талдоонун жана алмашуунун тартибин аныктайт.

2. Ушул Жобо рекультивациялоодон кийин уран өндүрүшүнүн мурас объекттеринин жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлардын аймагында мониторинг жүргүзүүгө талаптарды төмөнкүлөрдү камсыз кылуу максатында белгилейт:

1) уран өндүрүшүнүн мурас объекттеринин жана уран жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлардын тегерегиндеги айлана-чөйрөнүн радиоэкологиялык абалына мамлекеттик башкаруу жана байкоону;

2) уран өндүрүшүнүн мурас объекттеринин жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлардын аймагынын тегерегиндеги айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүнү.

3. Мониторинг уран өндүрүшүнүн мурас объекттеринин жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлардын аймагын рекультивациялоодон кийин айлана-чөйрөнү, персоналды жана калкты радиациядан коргоонун маанилүү элементтеринин бири катары каралат.

2-глава. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

4. Ушул Жободо пайдаланылган негизги түшүнүктөр:

1) калыбына келтирүү иш-чаралары - радиоактивдүү булганууга (булагына) же адамдарга нурлануунун келип түшүү жолдоруна карата колдонулуучу чаралар аркылуу радиоактивдүү калдыктардан, радиоактивдүү булгануудан келип чыккан радиациялык нурланууну азайтуу максатында жүргүзүлүүчү иштердин комплекси;

2) радиоактивдүү калдыктар менен иштөө - радиоактивдүү калдыктарды пайдалануучу объекттерди эксплуатациялоо (эксплуатациядан чыгаруу) менен байланышкан иштин бардык түрлөрү (сактоо, ташуу, чогултуу, кайра иштетүү);

3) дозиметриялык өлчөө - объекттин аймагында жана ага чектеш зонада радиациялык кырдаалды баалоо жана адамга радиациялык таасир этүү деңгээлин аныктоо максатында жүргүзүлүүчү иондоштуруучу нурлануунун дозасынын кубаттуулугун өлчөө;

4) радиоэкологиялык мониторинг - калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында айлана-чөйрөнүн объекттериндеги жана компоненттериндеги радиациялык кырдаалга жана анын өзгөрүүлөрүнө системалуу байкоо жүргүзүү, өлчөө жана баалоо боюнча иш-чаралардын комплекси;

5) уран мурас объекттерине жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайларга радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн объекттик системасы - радиациялык кырдаалдын абалын системалуу байкоо, баалоо жана божомолдоо, радионуклиддердин миграциясын аныктоо жана объекттин калкка жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн арналган уюштуруу иш-чараларынын, байкоо пункттарынын, техникалык каражаттардын, мониторинг программаларынын жана маалыматтык ресурстардын жыйындысы;

6) ыйгарым укуктуу органдар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүгө жана контролду жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органдары;

7) мониторинг жүргүзүү программасы - мониторинг жүргүзүүнүн максаттарын, объекттерин, параметрлерин, методдорун, көлөмүн, мезгилдүүлүгүн жана тартибин, ошондой эле радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында объекттин, айлана-чөйрөнүн жана инженердик тоскоолдуктардын абалына байкоо жүргүзүүнүн натыйжаларын чогултууга, иштеп чыгууга, талдоого, баалоого жана берүүгө талаптарды белгилеген документ;

8) көзөмөлдөө объекттери - уран мурас объекттери жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлар;

9) көзөмөлдөө субъекти - уран мурас объекттерин, калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын эксплуатациялоону, күтүүнү, мониторинг жүргүзүүнү, башкарууну, реабилитациялоону жүзөгө ашыруучу же болбосо башкача түрдө коопсуздугу үчүн жооптуу менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жак;

10) чарбалык жана башка иш - өндүрүш, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо, утилдештирүү, көмүү процесстери, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр.

3-глава. Радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн максаттары жана милдеттери

5. Радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) калкты радиациялык коргоо жана айлана-чөйрөнү иондоштуруучу нурлануунун зыяндуу таасиринен сактоо системасынын иштешин камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын аймагындагы радиациялык кырдаал жөнүндө ишенимдүү маалымат алуу;

3) радиациялык кырдаалдын жана айлана-чөйрөнүн радиоактивдүү булганышынын өзгөрүүлөрүн өз убагында аныктоо;

4) зарыл чараларды көрүү үчүн радиациялык кырдаалдын көрсөткүчтөрүнүн көбөйүү же төмөндөө тенденциясын алдын алуу жана көрсөтүү;

5) радиациялык жана экологиялык коопсуздук жаатында чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдарды маалыматтар менен камсыз кылуу.

6. Радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) аймактарда, уран мурас объекттеринде, калдык сактагычтарда, кен калдыктарында жана алардын таасири тийген зоналарда радиациялык кырдаалга системалуу байкоо жүргүзүү;

2) калкка жана айлана-чөйрөгө радиациялык кырдаалдын өзгөрүүлөрүн жана радиациялык таасирин аныктоо жана баалоо;

3) иондоштуруучу нурлануунун деңгээлин жана айлана-чөйрөнүн компоненттеринде радионуклиддердин болушун аныктоо;

4) радиациялык коопсуздуктун белгиленген ченемдеринен жана критерийлеринен ашкан учурларды өз убагында табуу;

5) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жана булганган аймактарды реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоо;

6) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, уюмдарды жана калкты радиациялык кырдаалдын абалы жөнүндө маалыматтар менен камсыз кылуу;

7) радиациялык мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларынын маалыматтар базаларын түзүү, жүргүзүү жана актуалдаштыруу;

8) калктын радиациялык коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында башкаруучулук чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу.

4-глава. Рекультивациялоодон кийин уран мурасынын объекттерине жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайларды радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн түрлөрү жана программалары

7. Уран мурастарынын рекультивацияланган объекттерине жана радиоактивдүү калдык сактоочу жайларга мониторинг жүргүзүү рекультивацияланган уран мурас объектинде же радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайда инженердик тоскоолдуктардын жана коргоочу курулмалардын абалын контролдоо, ошондой эле радионуклиддердин айлана-чөйрөгө чыгуу мүмкүндүгүн аныктоо максатында жүргүзүлөт.

8. Уран мурастарынын рекультивацияланган объекттерине жана радиоактивдүү калдык сактоочу жайларга мониторинг жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) объекттин бетиндеги гамма-нурлануу дозасынын кубаттуулугун өлчөө;

2) рекультивациялык жабуу аркылуу радон агымынын тыгыздыгын өлчөө;

3) коргоочу жабуунун, дренаждык жана суу агызуучу курулмалардын абалына байкоо жүргүзүү;

4) чыпкалоочу жана дренаждык суулардан үлгүлөрдү алуу, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана радионуклиддердин камтылышын аныктоо;

5) объекттин геотехникалык туруктуулугуна байкоо жүргүзүү.

9. Айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү рекультивацияланган объекттин калкка жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн жүргүзүлөт.

10. Айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) объекттин таасир этүү аймагын баалоо максатында атмосфералык абадан үлгүлөрдү алуу жана радионуклиддердин камтылышын аныктоо;

2) жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардан үлгүлөрдү алуу, тиешелүү көрсөткүчтөрдү өлчөө жана радионуклиддердин камтылышын аныктоо;

3) чектеш аймактардагы жана калктуу конуштардагы радиациялык кырдаалды баалоо;

4) белгилүү бир кырдаалдарда топуракка жана суу түбүндөгү чөкмөлөргө мониторинг жүргүзүү;

5) зарыл болгон учурда өсүмдүктөрдөгү жана жергиликтүү өндүрүштүн продукцияларындагы радионуклиддердин камтылышын аныктоо.

11. Контролдонуучу чыгындыларга жана агызууларга мониторинг жүргүзүү рекультивациялоо долбоорунда дренаждык, чыпкалоочу же тазаланган сууларды уюштурулган агызуу же буруу пункттары каралган учурларда жүргүзүлөт.

12. Контролдонуучу чыгындыларга жана агызууларга мониторинг жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) агызуулардын көлөмүн өлчөө;

2) радионуклиддердин жана химиялык булгоочу заттардын камтылышын аныктоо;

3) коопсуздуктун белгиленген контролдук деңгээлдеринин жана ченемдеринин сакталышын баалоо.

13. Контролдонбогон чыгындыларга жана агызууларга мониторинг радиоактивдүү заттардын же булганган суулардын коргоочу курулмалардын бузулушунан, эрозиядан, сел процесстеринен, жер көчкүлөрдөн, суу ташкындарынан же башка факторлордон улам объекттин чегинен тышкары санкцияланбаган чыгышы аныкталганда жүргүзүлөт.

14. Контролдонбогон чыгындыларга жана агызууларга мониторинг жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) аймакты оперативдүү текшерүү;

2) булгануунун масштабын аныктоо;

3) айлана-чөйрөнүн компоненттеринин үлгүлөрүн алуу;

4) калктын нурлануу дозасын баалоо;

5) коргоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоо.

15. Авариялык кырдаалдарда мониторинг рекультивацияланган объекттин бүтүндүгүнүн бузулушуна жана калкка жана айлана-чөйрөгө радиациялык таасирдин жогорулашына алып келиши мүмкүн болгон авариялык кырдаалдар пайда болгондо жүргүзүлөт.

16. Авариялык кырдаалдарда мониторинг жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) оперативдүү дозиметриялык контроль;

2) айлана-чөйрөнүн үлгүлөрүн кеңири алуу;

3) булгануунун жайылышын болжолдоо;

4) радиациялык кырдаалды баалоо;

5) мамлекеттик бийлик органдарын жана калкты маалымат менен камсыз кылуу;

6) кабыл алынган коргоо чараларынын натыйжалуулугун контролдоо.

5-глава. Рекультивациялоодон кийин объекттердин абалына мониторинг жүргүзүү жана мониторинг программасы

17. Рекультивациялоо боюнча иш-аракеттер аяктагандан кийин аларды аткарууга жооптуу оператор рекультивациялоо боюнча иш-аракеттердин натыйжалуулугун текшерүү үчүн радиологиялык текшерүү жүргүзөт. Бул текшерүүнүн жыйынтыктары рекультивациялоонун коюлган максаттарына жетүүнү аныктоо үчүн колдонулат.

18. Калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүүдө радиациялык коопсуздук ченемдерине жана санитардык эрежелерге ылайык, калкка жана айлана-чөйрөгө радиациялык таасир этүүнү аныктоо, ошондой эле радиациялык коопсуздук боюнча белгиленген талаптардын сакталышын текшерүү максатында радиациялык кырдаалдын көрсөткүчтөрү өлчөнөт жана бааланат.

19. Рекультивацияланган аймактын же имараттын акыркы абалын көрсөткөн текшерүүнүн жыйынтыктары иштин аяктагандыгы жөнүндө отчетко киргизилет. Ошондой эле гамма-съемканын, булганууларды изилдөөнүн, абанын, топурактын жана суунун үлгүлөрүнө жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыктары да киргизилет.

20. Рекультивациялоодон кийин объекттердин аймактарына мониторинг жүргүзүү калктын коопсуздугунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун күтүлгөн жана иш жүзүндөгү деңгээлдерин баалоо үчүн жүргүзүлөт.

21. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтар тобокелдиктерди аныктоо жана азайтуу үчүн колдонулат.

22. Консервацияланган жана реабилитацияланган радиоактивдүү калдык сактоочу жайлар үчүн жер үстүндөгү гамма-нурлануу дозасынын кубаттуулугу жана ага ылайык жер үстүндөгү кыртышта радийдин жана урандын камтылышы реабилитациялоонун акыркы максатына жана реабилитациялоо иштерин ишке ашыруу боюнча долбоорго көз каранды болот.

Калк үчүн радиоактивдүүлүктүн коопсуз деңгээлин камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда объекттердин бетине эскертүүчү белгилер орнотулат.

23. Мониторинг жүргүзүү программасында мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш болгон параметрлер, үлгүлөрдү алуу жерлерин жайгаштыруу, үлгүлөрдү алуунун жыштыгы, маалыматтарды каттоо, отчеттуулук жана талдоо жүргүзүү жол-жоболору маселелери аныкталат.

24. Рекультивациялоо аяктагандан кийин мониторинг жүргүзүү программасы төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:

1) нурлануу шарттарынын туруктуулугун текшерүү;

2) аянтчадагы ар кандай калдык булгануу белгиленген критерийлерден төмөн экендигин жана калк жана айлана-чөйрө үчүн зыяндуу кесепеттерге алып келбестигин көрсөтүү.

25. Мониторинг жүргүзүү программасында белгилүү бир негизги параметрлер үчүн изилдөө жана кийлигишүү деңгээлдери белгиленет.

26. Мониторинг программасы төмөнкү багыттар боюнча маалыматтарды алууну жана талдоону камтыйт:

1) айлана-чөйрөгө тийгизген таасирдин көрсөткүчтөрү, анын ичинде байкоо жүргүзүлүп жаткан аймактагы абада, сууда жана топуракта радионуклиддердин жана радиологиялык эмес булгоочу заттардын камтылышы, ошондой эле гамма-нурлануунун дозасынын кубаттуулугу;

2) радиоактивдүү калдыктарды локалдаштыруу үчүн конструкциялардын жана системалардын техникалык абалы жана физикалык бүтүндүгү;

3) мониторингдин натыйжаларын талдоо жана чечмелөө үчүн зарыл болгон параметрлер, анын ичинде метеорологиялык маалыматтар, эксплуатациялык процесстер жана калдыктардын агымы жөнүндө маалыматтар.

27. Мониторинг жүргүзүү программасын жана аны жүргүзүү методдорун аныктоодо операторлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 558 токтому менен бекитилген Радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайдын тегерегиндеги айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү боюнча колдонмонун 8 жана 9-бөлүмдөрүнүн талаптарын жетекчиликке алат.

28. Мониторинг жүргүзүү программасы мониторинг жүргүзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан иштелип чыгат жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат, ошондой эле төмөнкүлөрдү эске алуу менен радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү, көлөмү жана тартиби макулдашылат:

1) радиациялык кырдаалды;

2) байкоо жүргүзүү объекттеринин мүнөздөмөлөрүн;

3) мурда жүргүзүлгөн байкоолордун жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын;

4) аймактардын табигый, климаттык жана гидрологиялык өзгөчөлүктөрүн.

29. Радиоэкологиялык мониторингдин жыйынтыктары, анын ичинде байкоолордун, өлчөөлөрдүн жана изилдөөлөрдүн маалыматтары, калыбына келтирүү иш-чаралары аяктагандан кийин документтештирилет жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коомчулуктун ишенимин сактоо максатында бардык кызыкдар тараптар үчүн ачык жеткиликтүү болот.

30. Радиоэкологиялык мониторингдин жыйынтыктары рекультивациялоо аяктагандан кийинки объекттердеги радиациялык коопсуздуктун абалы жөнүндө маалыматты даярдоодо колдонулат.

31. Рекультивациялоо объекттериндеги радиациялык коопсуздуктун абалы жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) реабилитациялануучу объекттердеги радиациялык коопсуздуктун абалы жөнүндө операторлордун отчеттору, ошондой эле бул объекттердеги радиациялык коопсуздуктун абалына таасир этүүчү радиациялык авариялар жана башка бузуулар жөнүндө алардын билдирүүлөрү;

2) жүргүзүлгөн инспекциялардын натыйжалары;

3) объекттердин реабилитацияга чейинки жана кийинки абалынын фотоотчеттору.

32. Калыбына келтирүү иш-чараларынын пландарында жана долбоорлорунда, ошондой эле аларды ишке ашыруу жөнүндө отчеттуулукта реабилитациялоо иштери аяктагандан кийин аймактын жана коргоочу курулмалардын абалына андан ары байкоо жүргүзүү каралат.

33. Реабилитациялоо аяктагандан кийин жерлерди пайдаланууну контролдоо максатында калдык сактоочу жайдын аймагындагы жер участокторуна мезгил-мезгили менен инвентаризация жүргүзүлөт.

34. Эгерде рекультивациялоодон кийин аянтча убакыттын өтүшү менен чектелген пайдалануу үчүн бошотулса, аянтчанын абалынын алгылыктуулугун аныктоо үчүн кыйла узак убакыттын ичинде кошумча ырастоочу мониторинг жүргүзүлөт.

35. Мониторинг жүргүзүү программасы узак мөөнөттүү институттук контролдо турган курулмаларды жана аймактарды техникалык тейлөө муктаждыгын аныктоо үчүн институттук контролдоо механизминин алкагында демилгеленет.

36. Мониторинг жүргүзүү программасы мезгил-мезгили менен кайра каралат, кайра кароонун мезгилдүүлүгү уран өндүрүшүнүн мурас объектиндеги жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайларда кандайдыр бир өзгөрүүлөргө же мониторинг боюнча отчетторду талдоодон кийин радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарына көз каранды болот.

37. Радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүдө объекттердин жана айлана-чөйрөнүн компоненттеринин абалына тиешелүү өндүрүштүк өлчөөлөрдүн, лабораториялык изилдөөлөрдүн жана башка байкоолордун маалыматтары пайдаланылат.

38. Радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүнү жана координациялоону камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар жана уюмдар белгиленген тартипте биргелешкен текшерүүлөрдү, кеңешмелерди, маалымат алмашууну жана башка иш-чараларды өткөрөт.

6-глава. Радиоэкологиялык мониторингди уюштуруу жана жүргүзүү

39. Радиоэкологиялык мониторинг төмөнкүдөй маалыматтарды алуу максатында жүргүзүлөт:

1) уран өндүрүшүнүн мурас объекттеринин жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлардын радиациялык абалы жөнүндө;

2) иондоштуруучу нурлануунун жана айлана-чөйрөнүн компоненттериндеги радионуклиддердин камтылуу деңгээли жана өзгөрүү динамикасы жөнүндө;

3) инженердик тоскоолдуктардын абалы жана рекультивациялоо иш-чараларынын натыйжалуулугу жөнүндө;

4) айлана-чөйрөдөгү радионуклиддердин жана башка булгоочу заттардын миграциясы жөнүндө;

5) объекттердин калкка жана айлана-чөйрөгө радиациялык таасири жөнүндө;

6) радиациялык коопсуздуктун белгиленген критерийлеринин жана талаптарынын сакталышы жөнүндө.

40. Кыргыз Республикасынын аймагында радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүү "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.

41. Мамлекеттик органдардын жана уюмдардын радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча ишин координациялоону радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

42. Радиоэкологиялык мониторингдин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

2) өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

4) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

5) илимий, адистештирилген жана аккредиттелген лабораториялык уюмдар;

6) радиациялык контролдоону жана мониторингди жүргүзүүгө катышкан мамлекеттик органдар жана уюмдар;

7) жер жана суу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

43. Радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн объекттик системасы радиациялык кырдаал жөнүндө маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону жана талдоону, ошондой эле радиациялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында чечимдерди кабыл алууну маалыматтык жактан камсыз кылат.

44. Иши радиоактивдүү калдык сактоочу жайлар менен иштөөгө байланышкан уюмдар радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат.

45. Уран өндүрүшүнүн мурас объекттерине жана радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайларга радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн объекттик системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) гамма-нурлануу дозасынын кубаттуулугун өлчөө;

2) мониторинг программасына ылайык радондун агымынын тыгыздыгын өлчөө жана (же) радондун жана анын ажыроо продуктуларынын камтылышын аныктоо;

3) топурактан, жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардан, өсүмдүктөрдөн үлгүлөрдү алуу жана алардагы радионуклиддердин камтылышын аныктоо;

4) өлчөөлөрдүн жана изилдөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде айлана-чөйрөдөгү радионуклиддердин миграциясына байкоо жүргүзүү;

5) рекультивацияланган участоктордун, коргоочу жабуулардын жана коргоочу конструкциялардын абалына байкоо жүргүзүү;

6) дренаждык жана чыпкалоочу суулардан үлгүлөрдү алуу жана радионуклиддердин камтылышын аныктоо;

7) калкка жана айлана-чөйрөгө радиациялык таасир этүүнү баалоо;

8) объекттин узак мөөнөттүү коопсуздугун баалоо жана радиациялык таасир этүүнүн мүмкүн болуучу деңгээлин болжолдоо.

46. Радиоэкологиялык мониторингди жүргүзүү төмөнкүлөрдө жүзөгө ашырылат:

1) байкоо жүргүзүү пункттарында;

2) радиациялык кооптуу объекттердин аймактарында;

3) санитардык-коргоо зоналарында жана байкоо жүргүзүү зоналарында;

4) радиоактивдүү булганууга туш болгон аймактарда;

5) контролдук өлчөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгон учурда башка аймактарда.

47. Радиоэкологиялык мониторинг төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) мониторинг жүргүзүү программасына ылайык;

2) контролдук өлчөөлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүүдө;

3) радиациялык кырдаалдын өзгөрүшү аныкталганда;

4) радиациялык инциденттерде жана өзгөчө кырдаалдарда.

48. Радиоэкологиялык мониторинг анын катышуучулары тарабынан тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.

7-глава. Маалымат алмашуу тартиби

49. Радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын борборлоштурулган эсепке алуу, топтоо, сактоо, иштеп чыгуу жана пайдалануу максатында радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын базасында радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтык базасы түзүлөт.

50. Маалыматтык базада камтылган маалыматка жеткиликтүүлүк радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүгө катышкан мамлекеттик органдарга жана уюмдарга алардын компетенциясынын чегинде берилет.

51. Радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтык базасы төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

1) талаа өлчөөлөрүнүн, лабораториялык изилдөөлөрдүн жана радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнүн башка маалыматтарынын натыйжаларын борборлоштурулган эсепке алууну, топтоону, сактоону жана системалаштырууну камсыз кылууга;

2) мамлекеттик органдардын жана уюмдардын компетенциясынын чегинде актуалдуу маалыматтарга ыкчам жетүүсүн камсыз кылууга;

3) маалыматтын кайталанышын жокко чыгарууга, анын аныктыгын жогорулатууга жана маалыматтарды жоготуу тобокелдигин минималдаштырууга;

4) радиациялык кырдаалды талдоонун, маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоонун жана башкаруучу чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатууга;

5) радиоэкологиялык мониторинг объекттерине байкоо жүргүзүү жана радиациялык кырдаалдын өзгөрүшүн узак мөөнөттүү талдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды топтоого жана системалаштырууга.

52. Маалымат төмөнкүдөй берилет:

1) пландуу тартипте;

2) радиациялык кырдаалдын өзгөрүүлөрү жана белгиленген контролдук деңгээлдерден ашып кеткендиги аныкталганда;

3) радиациялык инциденттерде жана өзгөчө кырдаалдарда;

4) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча.

53. Радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу органдар жана башка уюмдар персоналдын жана калктын, айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштин натыйжаларына талдоо жүргүзөт жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү экология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар жылдык отчет берет.

54. Радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу органдар жана башка уюмдар берилген маалыматтын өз убагында, толук жана аныктыгын камсыз кылат.

55. Радиациялык кырдаалдын аныкталган өзгөрүүлөрү, контролдук деңгээлден ашуусу же радиациялык инциденттердин келип чыгышы жөнүндө маалымат кызыкдар мамлекеттик органдарга алардын компетенциясына ылайык токтоосуз жөнөтүлөт.

8-глава. Радиациялык кырдаалдын өзгөрүүсү аныкталган учурдагы аракеттер

56. Радиациялык кырдаалдын өзгөрүүсү, контролдонуучу параметрлердин белгиленген деңгээлдеринен (гамма-нурлануу дозасынын кубаттуулугу, радондун көлөмдүк активдүүлүгү, суудагы, топурактагы, абадагы радионуклиддердин камтылышы жана башка контролдонуучу параметрлер) ашуусу, ошондой эле айлана-чөйрө объекттеринин радиоактивдүү булганышынын белгилери аныкталган учурда радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар жана уюмдар өзүнүн компетенциясынын чегинде "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык радиациялык кырдаалды нормалдаштыруу боюнча чараларды көрөт.

57. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда төмөнкүлөр камсыз кылынат:

1) кошумча өлчөөлөрдү жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;

2) радиациялык кырдаалды тактоо жана баалоо;

3) кызыкдар мамлекеттик органдарга маалымат берүү;

4) аймактарды жана объекттерди текшерүүнү жүргүзүү;

5) калкка жана айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу терс таасирдин алдын алуу боюнча чараларды көрүү.

58. Радиациялык инциденттерде жана өзгөчө кырдаалдарда радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүү жарандык коргонуу, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана экологиялык радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырылат.