Закон КР от 6 ноября 2026 года № 152 «О внесении изменения в Трудовой кодекс Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 6-ноябры № 152
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
91-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Кызматкерлердин эмгек акысынын реалдуу өлчөмүнүн деңгээлин жогорулатуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын өсүшүнө байланыштуу эмгек акыны индексациялоо аркылуу камсыз кылынат.
Эмгек акыны индексациялоо тартиби республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдарды кошпогондо, жамааттык келишим, макулдашуулар же уюмдун локалдык ченемдик актылары менен аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |