ПриложениеСтатус не указан

Приложение 1.docx

Редакцияот 21.10.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

 

 

 2027–2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын шор баскан кыртыштарды изилдөө программасы

 

1-глава. Киришүү

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык айыл чарба багытындагы жерлер катары айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылган жер тилкелери, атап айтканда: айдоо жерлер, кысыр аңыз, көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлер, чөп чабындылары жана жайыттар таанылган.

Жер тилкелеринин менчик ээлерине жана жер пайдалануучуларга Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 110-беренесине ылайык жерди коргоо милдети жүктөлгөн.

«Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

– кыртышты саздануудан жана шорлонуудан коргоо үчүн жер ээси тарабынан кыртышты изилдөөгө байланышкан иштер жүргүзүлөт;

– кыртышты саздануудан жана шорлонуудан коргоо максатында жер ээси агротехникалык, мелиорациялык жана башка иш-чаралар каралган ички чарбалык жер курулуш долбоорлорун иштеп чыгышы мүмкүн.

«Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык жер ээлери жердин күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле кыртыштын күрдүүлүгүн төмөндөтүү үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.

Сугат дыйканчылыгы шартында кыртыштын табигый да, экинчи шор басуусу да чөлгө айлануу процессин күчөткөн факторлордун бири болуп саналат.

Ошол эле учурда ал айыл чарбасынын башка проблемаларынын себеби да, натыйжасы да болуп саналат. Шор басуу дренаждын проблемаларына, сугат жана дренаждык системалардын бузулушуна, суу ресурстарын натыйжасыз пайдаланууга, айыл чарба жерлерине жүктөмдүн көбөйүшүнө алып келген айыл чарба продукциясына суроо-талаптын өсүшүнө, өндүрүштүн заманбап системаларынын талаптарына шайкеш келбеген, эскирген технологияларга жана башка көптөгөн факторлого байланышкан.

Кыртыштын шор басуусуна каршы күрөшүү бүгүнкү күндө азык-түлүк коопсуздугунун негиздеринин бири болуп саналган айыл чарбасын туруктуу интенсификациялоого багытталган башка иш-чаралар менен бирге каралат.

Жердин чөлгө айлануусу олуттуу кесепеттерге алып келген, эң маанилүү экологиялык проблемалардын бири болуп саналат. Бириккен Улуттар Уюмунун Чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча конвенциясынын аныктамасына (1994) ылайык чөлгө айлануу (desertification) – климаттын өзгөрүшүн жана адамдын ишин кошкондо ар кандай факторлордун натыйжасында кургак, жарым кургак жана кургак субгумиддик райондордогу жерлердин деградациясы.

Кыртыштын деградациясы – кыртыштын күрдүүлүгүнүн төмөндөшү жана бузулушу менен мүнөздөлүүчү, кыртыштын түзүмүнүн жана курамынын начарлашы, ал кыртыштагы булганууга, сазга айланууга, шор басууга жана башка терс өзгөрүүлөргө шарт түзөт.

Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун негизги милдеттеринин бири айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат, ал өз кезегинде айыл чарба багытындагы жерлердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүүнү жана жогорулатууну, айыл чарба багытындагы жерлердин аянттарын кыскартууну алдын алууну, мындай жерлерди сарамжалдуу пайдаланууну, айыл чарба жерлерин суу жана шамал эрозиясынан, чөлгө айлануудан коргоону жана сактоону болжолдойт жана узак мөөнөттүү мезгилге азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндө республиканын улуттук кызыкчылыктарына жооп берет.

Айыл чарба продукциясын, чийки затты жана азык-түлүктү өндүрүү жаатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, айыл чарба багытындагы жерлердин күрдүүлүгүн сактоо, калыбына келтирүү жана жогорулатуу, айыл чарба багытындагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү технологияларын сактоо, айыл чарбалык жүгүртүүгө пайдаланылбаган айдоо жерлерин тартуу зарыл экендиги белгиленет.

2027–2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын шор баскан кыртыштарды изилдөө программасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемеси менен бекитилген 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасынын 1-пунктуна жана «Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-пунктуна ылайык иштелип чыккан.

 

 

 

 

 

2-глава.  Кырдаалды жалпы талдоо

 

Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан жана дүйнөдөгү бийик тоолуу мамлекеттердин катарына кирет. Рельефтин, климаттык шарттардын, өсүмдүктөрдүн жана кыртышты түзүүчү тектердин түрдүүлүгү кыртыштын 70ке жакын негизги түрлөрүнүн жана чакан түрлөрүнүн пайда болушуна шарт түздү, алар жогорку түрдүүлүк жана бирдей эместик менен айырмаланат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кыртышты коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча ченемдер каралган, бирок алардын ишке ашырылышы ченемдик-укуктук жана уюштуруучулук камсыздоонун жетишсиздигинен улам чектелген.

Кыргызстандын жалпы аянты 20 млн гектарды түзөт, анын 16,9 млн гектарын кыртыштын катмары ээлейт. Калган аянтты кум, аскалар, мөңгүлөр, көлмөлөр жана башка аймактар ээлейт. Айдоо жерлердин 70 %дан ашыгы сугаттан көз каранды. Сугат жерлер 794,8 миң гектарды, кайрак жерлер – 492,2 миң гектарды ээлейт. Сугат жерлерде дыйканчылык продукциясынын 90 %дан ашыгы өндүрүлөт, бул алардын стратегиялык маанилүүлүгүн көрсөтөт.

Кыртыштын шор басуусу айыл чарбасынын негизги коркунучтарынын бири. Алар табыгий жана сугаруудан улам келип чыккан экинчи шор басуу болот. Шор басуу дренаждын проблемаларына, сугаруу системалардын бузулушуна, суу ресурстарын натыйжасыз колдонууга, технологиялардын эскиришине жана жерге жүктөмдүн өсүшүнө байланышкан. Бул факторлор жалпы чөлгө айлануу процесстерин күчөтөт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча шор баскан жерлердин жалпы аянты 1190,8 миң га, анын ичинен 163,8 миң га – сугат жерлерин түзөт. Шорлуу жерлердин аянты – 480,2 миң га, анын ичинен 98,8 миң га сугат жерлери. Шор басуу жана шорлонуу бирге да, өзүнчө да болушу мүмкүн (1, 2-таблицалар).

 

1-таблица

 

Деградация процесстерине карата республиканын айдоо кыртышынын абалы (миң га)

 

 

Кыртышты изилдөө мезгили

Шор баскан

Шорлуу

1997–2014-жылдар

163,8

99,3

13,6%

8,2%

 

Маалыматтар өзгөчө баалуу айдоо айыл чарба жерлеринин олуттуу үлүшүндөгү кыртыштын шор баскандыгын жана шорлуу экендигин көрсөтөт.

 

2-таблица

 

Кыргыз Республикасынын шор баскан жана шорлуу кыртыштары

№

Облустар

Шор баскан

Шорлуу

(миң га)

1

Жалал-Абад облусу

16,2

6,1

8,33

2,45

2

Ош облусу

66,0

16,9

11,66

7,07

3

Ысык-Көл облусу

84,3

1,9

5,74

3,42

4

Нарын облусу

674,1

338,3

18,6

14,8

5

Талас облусу

15,4

7,2

4,62

2,57

6

Чүй облусу

296,1

99,8

96,85

62,57

7

Баткен облусу

38,7

10

17,98

6,43

Республика боюнча

1 190,8

480,2

163,8

99,3

 

Эскертүү. Алым – айыл чарба ишканаларынын бардык жерлери, бөлүүчү – айыл чарба ишканаларынын сугат жерлери.

 

Илимий адабияттын маалыматтары боюнча шор басуу жана шорлонуу даражасы аз болсо түшүм 10–20 %га, орточо даражада – 20–50 %га, күчтүү даражада – 50–80 %га азаят. Шор басканда жана шорлонгондо түшүм алууга дээрлик мүмкүн эмес (Жумабеков Э., 2019-ж.). Проблеманын олуттуулугуна карабастан республикада айдоо жерлердин шор басуусуна жана шорлуулугуна каршы күрөшүү боюнча системалуу иш-чаралар дээрлик жүргүзүлбөйт.

Азыркы учурда жерди кадастрдык баалоо үчүн кыртыштын катмарынын абалы, экологиялык милдеттерди чечүү, климаттын өзгөрүүлөрүн эсепке алуу жана жерди пайдаланууну оптималдаштыруу жөнүндө актуалдуу маалыматка болгон муктаждык өсүүдө. Бирок кыртыштын жаңы карталарын жана шор басуу картограммаларын түзүү бир топ убакытты, кадрдык жана финансылык ресурстарды талап кылат.

 

3-глава. Жетишилген натыйжалар

 

          1) Негизги жетишкендиктер

 

Айыл чарбасын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы болуп саналат. Тармак чарба жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдөн жана инвесторлордон техникалык жана финансылык жардамды тартуу түрүндө колдоо алууда.

Республикада айыл чарба жерлерин изилдөөнү жүргүзгөн эки кыртыш-агрохимиялык станция иштөөдө. 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Талас жана Жалал-Абад облустарында кыртыш лабораториялары кошумча ачылган, бул фермерлердин кыртышты агрохимиялык талдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейткен.

Кыргыз Республикасында орто жана жогорку деңгээлдеги агроном-адистерди даярдоону камсыз кылган профилдик окуу жайлардын жана илимий базанын системасы бар. Өзгөчө көңүл кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча билимдерге жана практикага бурулат.

Жерлердин бөлүгүнүн деградациясын жана климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен интенсивдүү айыл чарбасын жана органикалык өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө басым жасалган. Күнөсканаларды, тамчылатып сугарууну жана башка сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу кеңейүүдө.

Жерди иштетүүнүн кыртышты коргоочу методдорун өздөштүргөн жана органикалык жер семирткичтерди гана колдонгон фермердик чарбалардын саны өсүүдө. Бул жерди туруктуу пайдаланууга жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

 

2) Негизги проблемалар

 

Жетишилген натыйжаларга карабастан кыртыштын ресурстарынын абалы деградациялык процесстерди алдын алуу боюнча системалуу чаралардын жетишсиздигинен улам начарлоодо.

Айыл чарба багытындагы кыртыштарга жана жерлерге мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык системасы жок. Кыртышты изилдөө жана картографиялык материалдардын олуттуу бөлүгү эскирген жана жер ресурстарынын учурдагы абалын чагылдырбайт.

Жерлердин шор басуу жана шорлонуу процесстерине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү камсыз кылынбайт, шор баскан кыртыштын таралышынын актуалдуу санариптик карталары жана алардын абалы жөнүндө бирдиктүү маалыматтар базасы жок.

Деградацияланган жерлерге мониторинг жүргүзүү, мелиорациялоо жана калыбына келтирүү боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иш-чараларды каржылоо жетишсиз бойдон калууда. Лабораториялардын материалдык-техникалык базасын жана агрохимиялык изилдөө системасын модернизациялоо талап кылынат.

Кыртыштын деградациясы, анын ичинде суу жана шамал эрозиясы, сазга айлануу, шор басуу, шорлонуу жана монокультуралык дыйканчылык процесстери сакталууда. Тобокелдиктин олуттуу  фактору климаттын өзгөрүшү болуп эсептелет, ал температуранын өсүшү, жаан-чачын режиминин өзгөрүшү жана суу ресурстарынын тартыштыгынын көбөйүшү менен коштолот.

Системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жоктугунун жана илимий коштоонун жетишсиздигинин натыйжасында шор басуу жана шорлонуу процесстери жайылууда, бул кыртыштын күрдүүлүгүнүн андан ары төмөндөшүнө, айыл чарба жерлеринин өндүрүмдүүлүгүнүн азайышына жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун начарлашына коркунуч жаратууда.

Буга байланыштуу актуалдуу илимий маалыматтарды алууга, мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүүгө, кыртышты шор басуунун алдын алуу жана азайтуу методдорун иштеп чыгууга, ошондой эле жер ресурстарын туруктуу башкаруу үчүн илимий негизди түзүүгө багытталган 2027–2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын шор баскан кыртыштарды изилдөө программасын (мындан ары – Программа) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарылдыгы келип чыгууда.

 

4-глава. Программанын максаты

 

Ушул Программанын максаты 2029-жылга карата Кыргыз Республикасынын шор баскан жана шорлуу кыртыштардын абалы жөнүндө маалыматтардын актуалдуу системасын түзүү, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлердин күрдүүлүгүн сактоо үчүн аларды калыбына келтирүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга карата илимий негизделген ыкмаларды иштеп чыгуу болуп саналат.

 

 

 

 

5-глава. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары

 

Ушул Программанын максаттарына жетүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу каралат.

 

1) Шор баскан кыртышты изилдөөнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн институттук системасын өнүктүрүү

 

Бул багыттын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

– мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана адистештирилген уюмдардын ишин координациялоону өркүндөтүү;

– кыртыш-агрохимиялык кызматтын кадрдык жана                        илимий-техникалык потенциалын чыңдоо;

– туздуулукту сүрөткө тартуунун жана кыртышка мониторинг жүргүзүүнүн ченемдик-методикалык базасын өнүктүрүү;

– башкаруу органдарынын, жер пайдалануучулардын жана фермердик чарбалардын кыртыштын деградациясы, шор басуу жана шорлонуу проблемалары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу.

Ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр каралат:

– ушул Программаны ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү;

– адистерди даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;

– семинарларды, стажировкаларды жана тажрыйба алмашууну өткөрүү;

– шор баскан кыртышты изилдөөнүн заманбап методдорун жана технологияларын ишке киргизүү;

– жерди сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

 

2) Туздуулукту системалуу сүрөткө тартуу жана маалыматтардын маалыматтык базасын түзүү

 

Негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:

– жерлердин шор басуу жана шорлонуу даражасы жана мүнөзү жөнүндө актуалдуу жана анык маалыматты алуу;

–  шор баскан жана шорлуу жерлерге инвентаризация жүргүзүү;

– кыртышка мониторинг жүргүзүү жана санариптик картографиялоо системасын өнүктүрүү;

– кыртыштын күрдүүлүгүнүн абалы жөнүндө маалыматтарды сактоо жана иштетүүнүн бирдиктүү системасын түзүү.

Ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр каралат:

– айыл чарба багытындагы жерлерге талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана туздуулукту сүрөткө тартуу (2027–2029-жылдарда болжол менен 30 миң га);

–  5–10 жылда бир жолу мезгилдүүлүк менен жерлердин туздуулугун системалуу сүрөткө тартууну уюштуруу;

– кыртыштын үлгүлөрүнө лабораториялык анализдерди жүргүзүү;

– аккредитацияланган лабораториялар тармагын түзүү;

– кыртыштын күрдүүлүгү жөнүндө маалыматтар банкын түзүү;

– жерлердин шор басуусуна мониторинг жүргүзүүнүн санариптик карталарын жана геомаалыматтык системаларын иштеп чыгуу;

– кыртыштын ресурстарынын улуттук геопорталын ишке киргизүү.

 

3) Шор баскан жана шорлуу жерлерди калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу

 

Негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:

– жерлердин деградация жана шор басуу деңгээлин төмөндөтүү;

– айыл чарба жерлеринин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу;

– илимий негизделген мелиорациялык жана агротехникалык        иш-чараларды ишке киргизүү;

– туруктуу жана сууну үнөмдөөчү дыйканчылык методдорун өнүктүрүү.

Ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр каралат:

– жерлерди мелиорациялоо иш-чаралары жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

– которуштуруп айдоонун адаптацияланган системаларын жана сугаруу технологияларын ишке киргизүү; 

– шор баскан жерлерди калыбына келтирүү боюнча пилоттук долбоорлорду жүргүзүү;

–  ушул Программанын иш-чараларын жердин деградациясына, чөлгө айланууга жана суу ресурстарынын тартыштыгына каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү улуттук жана эл аралык демилгелер менен интеграциялоо;

–  туздуулукту сүрөткө тартуунун жыйынтыктарын үзгүлтүксүз талдоо жана кыртыштын абалынын өзгөрүү динамикасын баалоо;

– шор баскан жана шорлуу жерлердин абалы жөнүндө жылдык отчетторду жана маалыматтык материалдарды даярдоо жана жарыялоо.

 

 

 

6-глава. Күтүлгөн натыйжалар

 

Ушул Программаны аткаруу төмөнкү натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берет:

– кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча туруктуу институттук системаны түзүү;

– Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин туздуулугун комплекстүү сүрөткө тартуу жана республиканын бүткүл аймагы боюнча системалуу сүрөткө тартуу;

– кыртыштын күрдүүлүгү жөнүндө маалыматтар банкын жана айыл чарба жерлеринин санариптик картасын түзүү;

– кыртышты жана агрохимиялык анализдерди сапаттуу жүргүзүү үчүн аккредитацияланган лабораториялар тармагын түзүү;

– кыртышты изилдөөнүн заманбап технологияларын (ЭМИ-методу, ГМС-картография, шор басууну санариптик моделдөө) ишке киргизүү;

– шор баскан жана шоруу жерлерди изилдөө жана мелиорациялоо боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу;

– кыртыш-агрохимиялык кызматтын адистерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, эл аралык борборлор менен тажрыйба алмашуу;

– жерлерди шор басууну жана шорлуулукту төмөндөтүүгө багытталган мелиорациялык иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

– ушул Программанын иш-чараларын жердин деградациясына, чөлгө айланууга каршы күрөшүү, ошондой эле суу ресурстарын коргоо боюнча улуттук жана эл аралык демилгелер менен интеграциялоо;

– кыртышты шор басуу проблемалары жана аларды алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө калктын, бийлик органдарынын жана фермердик чарбалардын маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу;

– кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана калыбына келтирүүнүн эсебинен азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо.

 

7-глава. Жагымдуу шарттар жана тобокелдиктер

 

Ушул Программанын максаттарына жетүү жана милдеттерин чечүү үчүн зарыл болгон жагымдуу шарттар бар:

– жер ресурстарын сактоого жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган мамлекеттик саясаттын жана стратегиялык документтердин болушу;

– региондордо кыртыш-агрохимиялык станциялардын жана жаңы түзүлгөн лабораториялардын иштөөсү;

– агрономия, топурак таануу жана мелиорация жаатындагы адистерди даярдоону камсыз кылган илимий потенциалдын жана билим берүү мекемелеринин болушу;

– техникалык жана финансылык жардам көрсөтүүгө эл аралык өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун кызыкчылыгы;

– фермерлердин органикалык дыйканчылыкты, кыртышты коргоочу технологияларды жана сууну үнөмдөөчү сугаруу методдорун колдонууга кызыгуусунун жогорулашы;

– кыртыш ресурстарына мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү санариптик технологияларды жана геомаалыматтык системаларды өнүктүрүү.

Ошону менен бирге ушул Программаны ишке ашыруу күтүлгөн натыйжаларга жетүүгө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бир катар потенциалдуу тобокелдиктер менен коштолот:

– чектелген финансылык ресурстар жана тышкы жардамга көз карандылык;

– кыртыш-агрохимиялык кызматтын материалдык-техникалык базасынын эскилиги жана жетишсиздиги;

– изилдөөнүн жана мелиорациялоонун заманбап технологияларын ишке киргизүүгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистердин жетишсиздиги;

– кыртыштын шор басуу процесстерин күчөтүүчү климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери (кургакчылык, суу ресурстарынын тартыштыгы);

– мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана жер пайдалануучулардын ортосундагы мүмкүн болгон жетишсиз өз ара аракеттенүү;

– жерди сарамжалдуу пайдалануу процесстериндеги дыйкан жана фермердик чарбалардын бөлүктөрүнүн маалымдуулугунун жана аларды тартуунун төмөн деңгээли.

 

8-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо

 

Ушул Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо иш-чаралардын аткарылышын өз убагында контролдоону, коюлган максатка жетүүнү, көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоону жана ушул Программаны ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча ишти координациялоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан биргелешип жүргүзүлөт.

Ушул Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

– Программанын иш-чараларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты чогултуу, системалаштыруу жана талдоо;

– Программаны ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжаларына жана индикаторлоруна жетүүнү баалоо;

– шор баскан жана шорлуу кыртышты изилдөө, мониторинг жүргүзүү жана калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалуулугун талдоо;

– Программаны ишке ашырууга таасирин тийгизген тобокелдиктерди жана факторлорду аныктоо;

– Программанын иш-чараларын түзөтүү боюнча сунуштарды даярдоо.

Ушул Программанын иш-чараларынын жооптуу аткаруучулары жыл сайын ыйгарым укуктуу координациялоочу органга иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү, жетишилген натыйжалар, келип чыккан проблемалар жана аларды чечүү боюнча сунуштар жөнүндө маалыматты берет.

Ушул Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн негизги индикаторлору төмөнкүлөр болуп саналат:

– туздуулукту сүрөткө тартуу менен камтылган, изилденген айыл чарба багытындагы жерлердин аянты;

– кыртыш үлгүлөрүнө жүргүзүлгөн лабораториялык анализдердин саны;

–  түзүлгөн же модернизацияланган кыртыш-агрохимиялык лабораториялардын саны;

– кыртыштын күрдүүлүгү жөнүндө маалыматтар банкынын болушу жана аны толтуруу даражасы;

– даярдалган жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн адистердин саны;

– иштелип чыккан санариптик карталардын жана геомаалыматтык материалдардын саны;

– мелиорациялык иш-чаралар өткөрүлгөн жерлердин аянты;

– даярдалган аналитикалык отчеттордун жана маалыматтык материалдардын саны.

Ушул Программаны ишке ашырууну баалоо максаттуу багыттарга жетүүнү талдоонун, иш-чараларды аткаруунун жана ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоонун негизинде жүргүзүлөт.

Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча зарыл болгон учурда 2027–2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын шор баскан кыртыштарды изилдөө программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын түзөтүү, ишке ашыруу жана ресурстарды кайра бөлүштүрүү механизмдерин тактоо боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.

Ушул Программаны ишке ашырууну жыйынтыктоочу баалоо аны колдонуу мөөнөтү аяктаганда жүргүзүлөт жана жетишилген натыйжаларды, иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана ушул Программанын максатына жетүү даражасын талдоону камтыйт.