ПриказДействует

Приказ Министерства здравоохранения КР от 18 сентября 2026 года № 1090 «О реализации порядка принятия актов государственных органов, обладающих правовым характером по утверждении санитарно-эпидемиологических правил и нормативов в области общественного здравоохранения»

Редакцияот 18.09.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

 

2026-жылдын 18-сентябры № 1090

 

Коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди бекитүү боюнча Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби туралуу

 

“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2¹,22-пункттарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Укуктук мүнөзгө ээ мамлекеттик органдардын актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:

1. Бекитилсин:

- “Санитардык эрежелерди сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш-чаралардын аткарылышына өндүрүштүк контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү” санитардык эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

- “Жекече электрондук-эсептөө машиналарында ишти уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 2-тиркемеге ылайык;

- “Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 3-тиркемеге ылайык;

- “Калкка чачтарач жана косметикалык кызмат көрсөтүү боюнча коммуналдык-тиричиликтик багыттагы объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 4-тиркемеге ылайык;

- “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 5-тиркемеге ылайык;

- “Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 6-тиркемеге ылайык;

- “Тамак-аш азыктарын дүң жана чекене сатуучу объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 7-тиркемеге ылайык;

- “Темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 8-тиркемеге ылайык;

- “Коомдук тамак-аш объекттери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 9-тиркемеге ылайык;

- “Жарандык авиациянын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн жана экипаж мүчөлөрүнүн борттук тамактануусун уюштурууга санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 10-тиркемеге ылайык;

- “Убактылуу туристтик лагерлерди жана убактылуу тамактануу пункттарын уюштуруунун санитардык-эпидемиологиялык талаптары” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 11-тиркемеге ылайык;

- “Аянтка дозанын көбөйтүндүсүн өлчөгүчтөрдү пайдалануу менен рентгенологиялык изилдөөлөрдө пациенттердин жеке эффективдүү нурлануу дозасын аныктоо” санитардык эрежелери жана ченемдери 12-тиркемеге ылайык;

- “Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 13-тиркемеге ылайык;

- “Жумушчу орунда, турак үйлөрдүн, коомдук имараттардын жайларында жана турак жай курулушунун аймагындагы ызы-чуу” санитардык эрежелери жана ченемдери 14-тиркемеге ылайык;

- “Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоочу заттардын тийгизген таасиринин болжолдуу коопсуз деңгээлдери” гигиеналык ченемдери 15-тиркемеге ылайык;

- “Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликте пайдалануучу суу объектилериндеги суудагы химиялык заттардын жол берилген чектүү концентрациялары” гигиеналык ченемдери 16-тиркемеге ылайык;

- “Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоочу заттардын жол берилген чектүү концентрациялары” гигиеналык ченемдери 17-тиркемеге ылайык;

- “Иш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын жол берилген чектүү концентрациялары” гигиеналык ченемдери 18-тиркемеге ылайык;

- “Иш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын тийгизген таасиринин болжолдуу коопсуз деңгээлдери” гигиеналык ченемдери 19-тиркемеге ылайык;

- “Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликте пайдалануучу суу объектилериндеги суудагы химиялык заттардын болжолдуу жол берилген деңгээлдери” гигиеналык ченемдери 20-тиркемеге ылайык;

- “Жер кыртышындагы химиялык заттардын жол берилген чектүү концентрациялары жана болжолдуу жол берилген саны” гигиеналык ченемдери 21-тиркемеге ылайык;

- “Аквапарктарды жана бассейндерди, мончолорду, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстерин жана сауналарды, кир жуугуч жайларды жана мончо-кир жуугуч комбинаттарды, химиялык тазалоо жайларын, мейманканаларды, жатаканаларды, көрүстөндөрдү жана сөөк коюу объекттерин жайгаштырууга, жабдууга, иштетүүгө жана  алардын түзүлүшүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 22-тиркемеге ылайык;

- “Калктын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 23-тиркемеге ылайык;

- “Ысык суу менен жабдуунун коопсуздугун камсыз кылууга боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 24-тиркемеге ылайык;

- “Ультра кызгылт көк нурлануу менен ичүүчү сууну зыянсыздандыруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар” жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 25-тиркемеге ылайык;

- “Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар” жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 26-тиркемеге ылайык;

- “Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланылган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугу боюнча гигиеналык талаптар” жөнүндө санитардык эрежелер жана гигиеналык ченемдер, 27-тиркемеге ылайык;

- “Турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптар” санитардык эрежелери жана гигиеналык ченемдери 28-тиркемеге ылайык;

- “Суу менен камсыздоо булактарынын жана чарбалык-ичүүчү багыттагы суу түтүктөрүнүн санитардык коргоо зоналарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери  29-тиркемеге ылайык;

- “Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларына жана ичүүчү багыттагы суу түтүктөрүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 30-тиркемеге ылайык;

- “Калкты борборлоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоо булактарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 31-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгына(Темирбеков С.Т.):

1) ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде анын электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине укуктук маалыматтардын Борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтүүнү камсыз кылсын;

2) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий интернет-сайтында жарыялоону камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо саламаттык сактоо министринин орун басары Г.С. Ишенапысовага жүктөлсүн.

4. Бул буйрук 2026 –жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Министр

 

Д.А. Осмонов