Постановление Орловского городского кенеша от 6 августа 2026 года № 109/16-29 «О передвижках денежных средств»
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVI кезетеги сессиясы
2026-жылдын 6-августу № 109/16-29
Акча каражаттардын кыймылы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин "70629 Турак жай коммуналдык чарба" бөлүмүндөгү "Экономикалык долбоорлор" үчүн каралган каражаттардан төмөнкүлөргө бөлүнсүн:
- "Орловкадагы жылуулук менен жабдуу " муниципалдык ишканага жылуулук насостун техникалык-экономикалык негиздемесине (ТЭН) 500 000 (беш жүз миң) сом;
- “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканага кошумча субсидия катары электр энергиясына тарифтин жогорулашына байланыштуу 1838 000 (бир миллион сегиз жүз отуз сегиз миң) сом;
- Орловка шаарынын таштандыларды сорттоо комплекси үчүн толук трансформатордук көмөкчордонду (КТК) орнотуу үчүн 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
- Орловка шаарынын мини футбол аянтчасынын газон төшөлмөсүн алмаштырууга 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
- Жайыт комитетите кошумча иштерге 300 000 (үч жүз миң) сом;
Жалпысы:5 638 000 (беш миллион алты жүз отуз сегиз миң) сом.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И. Токтакунов |