Постановление Токмокского городского кенеша от 28 июля 2026 года № 141/21-6 «Об утверждении Положения»О наградах Токмокского городского кенеша"
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-июлу № 141/21-6
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
“Токмок шаардык кеӊешинин сыйлыктары жөнүндө”
Жобосун бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, маданий өнүгүшүнө, билим берүү, спорт, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо жана шаар алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн жарандарды сыйлоо максатында, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иштери) боюнча комиссиясынын 2026‑жылдын 21-июлундагы отурумунун №25 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок шаардык кеӊешинин сыйлыктары жөнүндө” Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токмок шаардык кеңешинин башкы бухгалтери (Г.М.Байтикова) тарабынан жыл сайын Токмок шаардык кеңешинин сыйлыктарын даярдоого чыгымдар сметасында каражаттар каралсын.
3.Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы №85/12-3 токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.
4.Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иштери) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Т.Тынайбеков |
|
| Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 141/21-6 токтомуна тиркеме |
Токмок шаардык кеңешинин сыйлыктары жөнүндө Жобосу
- Жалпы жобо
1.Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана сыйлыктардын түрлөрүн, ошондой эле аларга көрсөтүүнүн (сунуштоонун) тартибин аныктайт.
2.Токмок шаардык кеңешинин сыйлыктары – Токмок шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө, кайрымдуулук ишмердүүлүгүнө, билим берүү, спорт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагын өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоого, шаардын тургундарынын жана конокторунун өмүрүн, ден соолугун жана укуктарын коргоого, коомдук транспорт системасын жана турак жай-коммуналдык чарба тармагын өнүктүрүүгө, шаардын жарандык коргонуу системасын чыңдоого, ошондой эле шаар алдындагы башка өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн жарандарды сыйлоонун бир түрү болуп саналат.
3.Токмок шаардык кеңешинин сыйлыктары болуп төмөнкүлөр саналат: Ыраазычылык кат, Ардак грамота, күмүш төш белги, «Токмок шаарына сиңирген эмгеги үчүн» медалы жана баалуу белектер – Токмок шаардык кеңешинин кол сааттары (эркектер үчүн жана аялдар үчүн).
4.Токмок шаардык кеңешинин Ыраазычылык каты-Токмок шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө, билим берүүнү, илимди, спортту, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, шаардын тургундарынын жана конокторунун өмүрүн, ден соолугун жана укуктарын коргоого, коомдук транспорт системасын жана турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүүгө, шаардын жарандык коргонуу системасын чыңдоого, кайрымдуулук ишмердүүлүгүнө, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктерине жана башка өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык белгиленген майрамдарга, эскерүү күндөрүнө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген башка маанилүү даталарга карата ыйгарылышы мүмкүн.
Ыраазычылык кат менен сыйлоого көрсөтүлгөн адамдарга төмөнкү талаптар коюлат:
- кесиптик майрамга же башка маанилүү датага байланыштуу сыйлоо үчүн жалпы эмгек стажы кеминде 1 жыл болууга тийиш;
-мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде 1 жылдык эмгек стажына ээ болууга тийиш.
5.Токмок шаардык кеңешинин Ардак грамотасы-Токмок шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугу, кайрымдуулук ишмердүүлүгү жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери, билим берүүнү, илимди, дене тарбияны жана спортту, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоого, коомдук транспорт системасын жана турак жай-коммуналдык чарбасын, шаардын жарандык коргонуу системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле шаардык чарбаны, маданиятты, билим берүүнү, саламаттыкты сактоону, шаар курууну, искусствону жана башка шаардык программаларды ишке ашырууга кошкон олуттуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салымы жана шаардын коомдук турмушуна жигердүү катышкандыгы үчүн ыйгарылат.
Ардак грамота менен сыйлоого көрсөтүлгөн адамдарга төмөнкү талаптар коюлат:
- кесиптик майрамга же башка маанилүү датага байланыштуу сыйлоо үчүн жалпы эмгек стажы же адистиги боюнча иш стажы кеминде 3 жыл болууга тийиш;
-мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде 3 жылдык эмгек стажына ээ болууга тийиш.
6.Токмок шаардык кеңешинин күмүш төш белгиси-Токмок шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы, шаарды өнүктүрүүдөгү демилгеси жана жетишкендиктери, Токмок шаарынын тургундарынын жаратмандык ишмердүүлүгү үчүн, ошондой эле шаардык чарбаны, маданиятты, илимди, билим берүүнү, саламаттыкты сактоону, шаар курууну, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга кошкон олуттуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салымы үчүн ыйгарылат.
Сыйлоого көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, саламаттыкты сактоо, билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине жана маданият ишмерлерине кошумча төмөнкү талаптар коюлат:
- кесиптик майрамга же башка маанилүү датага байланыштуу сыйлоо үчүн эмгек стажы кеминде 7 жыл болууга тийиш;
-мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде 5 жылдык эмгек стажына ээ болууга тийиш.
7.«Токмок шаарына сиңирген эмгеги үчүн» медалы-шаарды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо багытында ишинде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги, жогорку кесипкөйлүгү, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, демилгелүүлүгүн жана жигердүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн, кадр саясатын жүргүзүүдө, мамлекеттик кызматкерлерди даярдоодо жана тарбиялоодо жетишкен ийгиликтери үчүн, жогорку көрсөткүчтөрү жана тапшырмаларды сапаттуу аткаргандыгы үчүн, коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга кошкон салымы үчүн, кызыкчылыктардын кагылышуусун өз убагында алдын алгандыгы жана жоюу боюнча чараларды көргөндүгү үчүн, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан этикалык ченемдерди так сактагандыгы үчүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүүнү камсыз кылган компьютерлештирүүнү жана автоматташтыруунун алдыңкы ыкмаларын жана усулдарын кеңири киргизгендиги үчүн ыйгарылат.
Сыйлоого көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, саламаттыкты сактоо, билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине жана маданият ишмерлерине кошумча төмөнкү талаптар коюлат:
- кесиптик майрамга же башка маанилүү датага байланыштуу сыйлоо үчүн эмгек стажы кеминде 10 жыл болууга тийиш;
-мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде 10 жылдык эмгек стажына ээ болууга тийиш.
8.Токмок шаардык кеңешинин баалуу белеги – кол сааттар (эркектер жана аялдар үчүн) Токмок шаарынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, Токмок шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга ыйгарылат.
- Токмок шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө кошкон салымы, Токмок шаарынын коопсуздугун камсыз кылуу, шаардагы жашоо-тиричиликти камсыздоо системасынын сапатын жакшыртуу жана көрктөндүрүү максатында жасалган конкреттүү окуялар жана иш-аракеттер боюнча көрсөткөн эмгеги үчүн;
- аз камсыз болгон жарандарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды социалдык жактан колдоого багытталган кайрымдуулук ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүгү, шаардык программаларды ишке ашырууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана ооруканаларды, мектептерди, балдар үйлөрүн, маданий жана спорттук борборлорду, ошондой эле башка социалдык маанилүү шаардык объектилерди курууга кошкон салымы үчүн;
- олуттуу эмгектик жана өндүрүштүк жетишкендиктерге ээ болгондугу үчүн;
- жеке салым кошкондугу, эрдик көрсөткөндүгү, ошондой эле Токмок шаарынын эл аралык байланыштарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн.
Сыйлоого көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, саламаттыкты сактоо, билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине жана маданият ишмерлерине кошумча төмөнкү талаптар коюлат:
- кесиптик майрамга же башка маанилүү датага байланыштуу сыйлоо үчүн эмгек стажы кеминде 5 жыл болууга тийиш;
-мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде 3 жылдык эмгек стажына ээ болууга тийиш.
9. Өзгөчө учурларда Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын сунушу боюнча күмүш төш белги, «Токмок шаарына сиңирген эмгеги үчүн» медалы, ошондой эле баалуу белек – кол сааттар менен мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта жалпысынан кеминде 5 жылдык стажы бар, Токмок шаарынын менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар сыйланышы мүмкүн.
10.Сыйлыктарды сатып алууга байланыштуу бардык чыгымдар Токмок шаардык кеңешинин бюджеттик каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Сыйлыктарды ыйгаруу тартиби
11.Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иштери боюнча) өзүнүн жыйындарында сыйлыктарга көрсөтүү боюнча сунуштамаларды карайт.
12.Комиссиянын жыйындары Токмок шаардык кеңешинин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө сунуштар келип түшкөн сайын өткөрүлөт.
13.Комиссиянын чечимдери комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
14.Токмок шаардык кеңешинин төрагасы комиссияга сыйлоого көрсөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу. Бул учурда ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тариздөө талап кылынбайт.
15.Туура эмес же этиятсыз таризделген сыйлоого көрсөтүү боюнча сунуштамалар комиссиянын кароосуна кабыл алынбайт жана кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарылат.
16.Жеке жана юридикалык жактарды сыйлоого көрсөтүү жөнүндө сунуштамалар Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын атына киргизилет.
17.Сыйлоо жөнүндө өтүнмөнү Токмок шаардык кеңешинин төрагасы, Токмок шаардык кеңешиндеги фракциялар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси же анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери киргизет.
18. Сыйлоого көрсөтүлгөн адамдарга төмөнкү талаптар коюлат:
- сыйлоого көрсөтүү жөнүндө сунуштама;
- паспорттун көчүрмөсү;
- белгиленген үлгүдөгү сыйлоо баракчасы;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
-жыйындын протоколу, сыйлоого көрсөтүү жөнүндө коллегиалдуу органдын чечими (коллегиалдуу орган жок болгон учурда – жетекчинин чечими).
19.Кайталап сыйлоого жол берилбейт.
20.Тартиптик жаза чаралары бар кызматкерлерди сыйлоого, бул жазалар белгиленген тартипте алынганга чейин жол берилбейт.
21.Сыйлануучуларды кошумча изилдөө максатында комиссия сыйлоого көрсөтүү боюнча сунуштарды алуу үчүн уюмдарга, мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына суроо-талаптарды жөнөтөт.
22.Сыйлоо маселесин кароо үчүн документтер Токмок шаардык кеңешине сыйлоо аземине чейин кеминде эки жума мурда тапшырылууга тийиш.
23.Бланктарды даярдоо жана сактоо укугу өзгөчө Токмок шаардык кеңешине таандык.
24.Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттар катар номерлерине ээ болот.
25.Сыйлоо жөнүндө чечимдер Токмок шаардык кеңешинин тескемеси менен кабыл алынат.
26.Сыйлыктар сыйлануучуларга салтанаттуу шартта шаардык кеңештин төрагасы же Токмок шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан тапшырылат.
27.Күмүш төш белги, «Токмок шаарынын алдындагы сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган адамдар сыйлыкты сактоону камсыз кылууга милдеттүү. Сыйлык жоголгон учурда сыйлануучулар сыйлыкка болгон укуктарын сактап калышат. Жоголгон төш белгинин ордуна анын дубликаты берилбейт.
28.Төш белгиге берилген күбөлүк жоголгон учурда, сыйлануучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жана бул адамды сыйлоого көрсөткөн органдын өтүнүч каты боюнча Комиссиянын чечими менен күбөлүктүн дубликаты берилиши мүмкүн.
29.Төш белги тиешелүү күбөлүк көрсөтүлгөн учурда гана жарактуу болуп эсептелет.
30.Сыйлангандардын эсебин жүргүзүү жана каттоо Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
Жооптуу катчы |
| Ч.Ж.Муталипова |
|
| Токмок шаардык кеңешинин сыйлыктары жөнүндө жобого тиркеме |
СЫЙЛООГО КӨРСӨТҮҮ
1. Фамилиясы, аты, атасынын аты:
2. Кызматы, иштеген же кызмат өтөгөн жери:
3. Туулган күнү, айы, жылы:
4. Улуту:
5. Жалпы эмгек стажы ____________________________ жыл, анын ичинде:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасындагы эмгек стажы _________ жыл;
- ушул эмгек жамаатындагы эмгек стажы _________________ жыл.
6. Мамлекеттик жана башка сыйлыктары:
7. Сыйлоого көрсөтүлүп жаткан өзгөчө эмгектери, кыскача мүнөздөмөсү:
8. Үй дареги, телефону:
9. Төмөнкү сыйлыкка көрсөтүлөт:
(сыйлыктын түрү)
10. Сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынган:
Жетекчи
_______________ _______________________________
(колу) (аты-жөнүнүн баш тамгалары жана фамилиясы)
Мөөрү «___»___________ 20__-ж.