Постановление Токмокского городского кенеша от 28 июля 2026 года № 139/21-6 «О даче согласия на финансирование и выплату задолженности и пени за оказанные услуги по техническому надзору ОсОО «АзияИнвестСтрой»»
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-июлу № 139/21-6
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
«АзияИнвестСтрой» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан көрсөтүлгөн техникалык көзөмөл кызматтары үчүн карызды жана туумду каржылоого жана төлөп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 22-июлундагы №1-13/4456 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 23-июлундагы №32 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «АзияИнвестСтрой» ЖЧКсына техникалык көзөмөл кызматтарын иш жүзүндө көрсөткөндүгү үчүн башкы директору жана техникалык көзөмөл боюнча адиси Жумаканов Кыргызбек Ыбраевичтин пайдасына 767 183 (жети жүз алтымыш жети миң бир жүз сексен үч) сом өлчөмүндөгү карызды, ошондой эле түзүлгөн келишимдердин 4.2-пунктуна ылайык эсептелген 166 718 (бир жүз алтымыш алты миң жети жүз он сегиз) сом өлчөмүндөгү туумду каржылоого жана төлөп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2.Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Чанчаров Б.А.) жергиликтүү бюджеттин «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен «АзияИнвестСтрой» ЖЧКсына 933 901 (тогуз жүз отуз үч миң тогуз жүз бир) сом өлчөмүндөгү карызды жана туумду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык каржылоону жана төлөп берүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.
3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага |
| М.Т.Тынайбеков |