ПостановлениеДействует

Постановление Токмокского городского кенеша от 28 июля 2026 года № 135/21-6 «О переводе зональной категории земельного участка площадью 1115,0 кв.м, расположенного по адресу: г.Токмок, ул.Дубовицкого №102, из зоны Ц-1 в зону К-1 и внесении изменений в статью 25»Правила застройки и землепользования в городе Токмок"

Редакцияот 28.07.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 28-июлу № 135/21-6

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

Токмок шаары, Дубовицкий көчөсү, №102 дарегинде жайгашкан, аянты 1115,0 чарчы метр жер тилкесинин зоналдык категориясын Ц-1 зонасынан К-1 зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 03-июлундагы №1-3/3929 катынын, Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын протоколунун, ошондой эле Токмок шаардык кеӊешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 20-июлундагы №27 протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Токмок шаардык кеңешинин 2006-жылдын 26-апрелиндеги №146/28-1 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Токмок шаары, Дубовицкий көчөсү, №102 дарегинде жайгашкан, аянты 1115,0 чарчы метр жер тилкесин Ц-1 (шаардын борбору зонасы) зонасынан К-1 (коммуналдык ишканалардын, транспорттун, кампалардын жана чакан өндүрүштөрдүн зонасы) зонасына которууга макулдук берилсин.

2.Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

 

М.Т.Тынайбеков