Постановление Токмокского городского кенеша от 28 июля 2026 года № 134/21-6 «О внесении изменений в постановление Токмокского городского кенеша от 16 февраля 2026 года №113/18-6»О даче согласия мэрии города Токмок на передачу земельного участка (со строениями) находящегося на балансе Управления муниципальной собственностью города Токмок, расположенного по адресу: город Токмок, улица Ленина, 377, с идентификационным кодом 7100300190403, общей площадью 5494,0 кв.м., в бессрочное пользование Чуйскому областному управлению Судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики"
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-июлу № 134/21-6
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы №113/18-6 “Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы, Токмок шаары, Ленин көчөсү, 377 дарегиндеги, идентификациялык коду 7100300190403 болгон, жалпы аянты 5494,0 ч.м., жер тилкесин (курулуш менен) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облусунун башкармалыгына мөөнөтсүз колдоонууга өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 17-июлундагы №1-22/4367 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 20-июлундагы №27 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесин, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы №113/18-6токтомунун 1-пунктуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облусунун башкармалыгына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Т.Тынайбеков |