ПостановлениеДействует

Постановление Орловского городского кенеша от 19 июня 2026 года № 104/15-29 «О передвижках денежных средств»

Редакцияот 19.06.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 19-июну № 104/15-29

 

Акча каражаттардын кыймылы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык  Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:

1. 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин "70629 Турак жай коммуналдык чарба" бөлүмүндөгү "Экономикалык долбоорлор" үчүн каралган каражаттардан төмөнкүлөргө бөлүнсүн:

- Бордунский айылынын элине машыгуу тренажерлорду сатып алууга 200 000 (эки жүз миң) сом;

- “Орловка суу каналы” жана “Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарбасы” муниципалдык ишканаларга кошумча субсидия катары күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга ар бирине 500 000 (беш жүз миң) сомдон, бардыгы 1 000 000 (бир миллион) сом.

Жалпысы: 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.И.Токтакунов