ПостановлениеДействует

Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-ноябрындагы «Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу автогрейдер алуу долбоорлорун жактыруу жөнүндө» №14/3 токтому.

Редакцияот 08.11.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 8-ноябры  №14/3   

  

Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу автогрейдер алуу долбоорлорун жактыруу жөнүндө

 

       Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо максатында автогрейдер алууга Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыктан долбоорду жактыруу максатында, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык  кеңешинин XXIX чакырылышынын ХIV кезексиз сессиясы;

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу автогрейдер алуу долбоору жактырылсын.

2.    Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында Нарын райондук өнүктүрүү фондуна артыкчылыктуу долбоор катары сунушталсын.

3.    Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

   Төрага

Ы. Бакаев