Порядок осуществления верификации деклараций о личных (частных) интересах (к приказу Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинета Министров Кыргызской Республики от 2 октября 2026 года № 01-23/276)
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 01-23/276 буйругуна тиркеме |
Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоону жүзөгө ашыруу
тартиби
Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды (мындан ары – декларация) верификациялоону жүзөгө ашырууда персоналды башкаруу кызматынын аракеттеринин ырааттуулугун, верификациялоонун натыйжаларын тариздөө тартибин, ошондой эле верификациялоонун натыйжалары боюнча жүргүзүлүүчү аракеттерди аныктайт.
2. Верификациялоонун максаты декларацияда камтылган маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерүү, ошондой эле персоналды башкаруу кызматынын ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарын ишке ашыруу максатында гана мыйзамда каралган башка контролдоо жана текшерүү түрлөрүн алмаштырбастан, тактоону же кошумча кароону талап кылган айырмачылыктарды аныктоо болуп саналат.
3. Верификация Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамына ылайык өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны берүү милдети жүктөлгөн адамдарга карата жүргүзүлөт.
4. Верификациялоону жүргүзүүдө жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо камсыз кылынат. Верификациялоонун жүрүшүндө, анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык системалар, мамлекеттик маалыматтык ресурстар, реестрлер жана башка расмий булактар аркылуу алынган маалымат персоналды башкаруу кызматы тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде гана, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруу жана верификациялоо максатында пайдаланылат. Верификациялоону жүзөгө ашыруучу жактарга верификациялоонун жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарууга, ошондой эле аларды верификациялоону жүргүзүүгө жана кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды ишке ашырууга байланышпаган максаттарда пайдаланууга жол берилбейт.
5. Верификациялоону жүргүзүүдө жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо камсыз кылынат. Верификациялоону жүзөгө ашыруучу адамдарга верификациялоонун жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарууга жана верификациялоону жүргүзүү менен байланышпаган максаттарда пайдаланууга жол берилбейт.
Верификациялоону жүргүзүү тартиби
6. Декларацияны верификациялоо персоналды башкаруу кызматы тарабынан ал кабыл алынып, катталгандан кийин жүргүзүлөт.
Эгерде декларант мамлекеттик органдын жетекчиси же персоналды башкаруу кызматынын верификациялоону жүргүзүп жаткан кызматкерине түздөн-түз баш ийген кызмат адамы болсо, верификациялоо башка ыйгарым укуктуу кызматкер, мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталган комиссия же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жогору турган мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
7. Верификациялоону жүргүзүү мөөнөтү декларация катталган күндөн кийинки күндөн баштап 10 жумушчу күндөн ашпайт.
Мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана башка жактардан кошумча маалымат алуу зарыл болгон учурда, ушул Тартипе каралган текшерүү иш-чараларын аяктоого тоскоолдук кылган маалыматтардын жоктугуна байланыштуу объективдүү зарылчылык болсо, верификация мөөнөтү 20 жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
Өзгөчө учурларда, белгиленген мөөнөттө аяктабаган кошумча текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынса, верификациялоонун мөөнөтү 30 жумушчу күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же башка органдардын жетекчиси тарабынан верификациялоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алынат. Бул чечим верификацияны жүргүзгөн персоналды башкаруу кызматынын кызматкеринин кызматтык катынын негизинде, анда узартуунун конкреттүү негиздери, зарылчылыгы жана мөөнөтү көрсөтүлөт. Верификация мөөнөтүнүн узартылгандыгы жөнүндө декларантка жазуу жүзүндө же электрондук түрдө билдирилет.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана башка жактардын жөнөтүлгөн суроо-талаптарына жоопторду күтүү мезгили верификациялоонун жалпы мөөнөтүнө киргизилет.
8. Верификациялоо учурунда персоналды башкаруу кызматы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:
– декларация катталган кундөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде декларациянын берилгендигинин мөөнөтүн, толтурулган күнүн жана декларанттын колун, декларация формасында каралган маалыматтардын толуктугун текшерет, ошондой эле декларант ээлеген кызмат орду жана иштеген жери тууралуу маалыматтарды кадрдык эсепке алуу маалыматтары менен салыштырат;
– ушул Тартиптин 6-пунктунда белгиленген мөөнөттө декларацияда камтылган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеткиликтүү болгон автоматташтырылган маалыматтык тутумдардагы, мамлекеттик маалыматтык ресурстардагы, реестрлердеги жана башка расмий маалымат булактарындагы маалыматтар менен салыштыруу аркылуу текшерет;
– айырмачылыктар, толук эместиктер же тактоону талап кылган башка дал келбестиктер аныкталганда, ошондой эле тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык системаларда, мамлекеттик маалыматтык ресурстарда жана реестрлерде керектүү маалыматка жетүү мүмкүн болбогон учурда, мындай зарылчылык аныкталган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен, өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана башка органдарга жана мекемелерге тийиштүү суроо-талаптарды жөнөтөт;
– суроо-талаптарды жөнөтүү верификациялоо учурунда аныкталган конкреттүү негиздер болгондо, суроо-талапта такталуучу маалыматтарды жана верификациялоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтын көлөмүн көрсөтүү менен ишке ашырылат. Суроо-талаптарды жөнөтүү жана алынган жооптор документтештирилүүгө тийиш;
– айырмачылык, толук эместик же башка дал келбестиктер аныкталганда, ушул Тартиптин 10-пунктунда белгиленген тартипте декларантка билдирүү жиберет;
– верификациянын жыйынтыгы боюнча ушул Тартиптин тиркемесине ылайык текшерүүнүн тийиштүү жыйынтыгын тариздейт.
8. Верификациялоо төмөнкү этаптарда ырааттуу жүргүзүлөт:
1) формалдуу талаптарды текшерүү:
– декларациянын бар экендиги;
– декларациянын формасынын белгиленген талаптарга жооп берүүсү;
– толтурулган күнү жана колу коюлгандыгы;
– декларацияны берүү мөөнөтүнүн сакталгандыгы.
2) маалыматтын толуктугун текшерүү:
Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарында каралган декларациянын бөлүмдөрү боюнча маалыматтардын бар экендиги текшерилет.
3) маалыматтардын аныктыгын текшерүү:
Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтар текшерүүгө жатат.
Көрсөтүлгөн маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана чектөөлөр менен алынган автоматташтырылган маалыматтык системалардагы, мамлекеттик маалыматтык ресурстардагы, реестрлердеги, кадрдык документтердеги жана башка расмий маалымат булактарындагы маалыматтар менен салыштырылат.
Ушул Тартиптин 7-пунктунун үчүнчү абзацында каралган учурларда кошумча маалымат алуу зарыл болгондо, персоналды башкаруу кызматы тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана башка органдардын жана мекемелердин компетенциясынын чегинде тиешелүү суроо-талаптарды жөнөтөт.
4) аныкталган айырмачылыктарды текшерүү:
Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтар менен верификациялоонун жүрүшүндө алынган маалыматтардын ортосунда айырмачылыктар аныкталган учурда, декларантка тиешелүү билдирүү алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө түшүндүрмө жана (же) ырастоочу документтерди берүү мүмкүнчүлүгү берилет.
5) жыйынтыктарды тариздөө
Верификациянын натыйжасында төмөнкүлөрдүн бири аныкталат:
– декларация верификациядан өттү– дал келбестиктер аныкталган жок;
– декларация тактоону талап кылат – так эместиктер же толук эмес маалыматтар аныкталды, аларды такталган маалыматтарды жана (же) түшүндүрмөлөрдү берүү менен жоюуга болот;
– маалыматтардын аныкт эместигинин белгилери аныкталды – декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтар менен расмий булактардан алынган маалыматтардын ортосунда олуттуу айырмачылыктар белгиленди;
– кызыкчылыктардын кагылышуусунун бар экендигин көрсөтүшү мүмкүн болгон жагдайлар аныкталды.
Аныкталган айырмачылыктарды баалоодо алардын мүнөзү жана маанилүүлүгү, алардын пайда болушунун объективдүү себептери, аныкталган так эместиктерди жоюу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле алардын кызыкчылыктардын кагылышуусунун бар же жок экендигине байланыштуу жагдайларды аныктоого тийгизген таасири эске алынат. Техникалык же маанилүү эмес айырмачылыктар өз алдынча маалыматты анык эмес деп таанууга негиз болуп саналбайт.
Верификациялоонун жыйынтыктары боюнча иш-аракеттер
9. Эгер декларация верификациялоодон өтсө, текшерүүнүн жыйынтыгы белгиленген тартипте катталат.
10. Зарылчылык жаралган учурда, персоналды башкаруу кызматы декларантка тактоону талап кылган конкреттүү маалыматтарды, аларды тактоонун негиздерин, жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө жана (же) ырастоочу документтерди берүү мөөнөтүн, ошондой эле аларды бербеген учурдагы кесепеттерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү же электрондук билдирүү жөнөтөт. Декларант тиешелүү билдирүүнү алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде такталган маалыматтарды, жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө жана (же) ырастоочу документтерди берүүгө укуктуу.
11. Такталган маалыматтар, жазуу түрүндөгү түшүндүрмөлөр жана (же) ырастоочу документтер алынгандан кийин, персоналды башкаруу кызматы аларды алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде кайрадан верификацияны жүргүзөт. Кайра верификациялоо такталган же өзгөртүлгөн маалыматтар боюнча жүргүзүлөт, эгерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндөгү мыйзамдарында каралган жагдайларды аныктоо үчүн башка нерсе талап кылынбаса.
12. Эгерде кайра верификациялоонун жыйынтыгы боюнча маалыматтардын анык эместигинин белгилери аныкталса, персоналды башкаруу кызматы декларантка тиешелүү билдирүүнү алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөнү жана (же) ырастоочу документтерди кайрадан берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Берилген түшүндүрмөлөрдү жана ырастоочу документтерди алгандан жана карагандан кийин верификациялоо материалдары 3 жумуш күндүн ичинде кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине берилет.
Материалдарды кароодо декларант тарабынан берилген жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр жана ырастоочу документтер эске алынат. Маалыматтардын анык эместиги фактысын белгилөө же белгилөөнү токтотуу жана тиешелүү чечимди документтештирүү Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
13. Кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экендигин көрсөтүшү мүмкүн болгон жагдайлар аныкталган учурда, тиешелүү материалдар мындай жагдайлар аныкталган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жана кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алууга жана жөнгө салууга жооптуу адамга түзүмдүк бөлүмгө) кароо, тиешелүү чараларды көрүү жана жыйынтыктарды Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө тариздеп чыгаруу үчүн жөнөтүлөт.
4. Корутунду жоболор
14. Верификациянын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын архив иши, документ менен камсыздоо, персоналдык маалыматтарды жана жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте документтештирилүүгө жана сакталууга тийиш. Верификация материалдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана алардын функционалдык милдеттерине ылайык ыйгарым укук берилген кызматкерлерге жетүү мүмкүнчүлүгү берилет.
15. Мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусу же берилген маалыматтардын аныктыгына шек келтирген маалыматтарды камтыган текшерүү материалдары Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамында белгиленген тартипте каралат.
16. Бул Тартиптин талаптарын сактоо үчүн жоопкерчилик декларацияларды верификациялоону түздөн-түз жүзөгө ашырган персоналды башкаруу кызматынын кызматкерлери аларга берилген ыйгарым укуктардын жана функционалдык милдеттеринин чегинде жоопкерчилик тартат.
Персоналды башкаруу кызматынын кызматкерлери маалыматтык системалардын техникалык үзгүлтүккө учурашы, мамлекеттик маалыматтык системалардан, мамлекеттик маалыматтык ресурстардан, реестрлерден жана башка расмий булактардан алынган маалыматтардын анык эместиги же каталары, ошондой эле тийиштүү органдар жана уюмдар тарабынан жол берилген маалыматтарды берүү мөөнөттөрүнүн бузулушу үчүн жоопкерчилик тартпайт.
|
| Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоону жүзөгө ашыруу тартибине тиркеме |
Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны верификациялоонун жыйынтыктары жөнүндө
маалымкат
______________________________________________________________________________________________________________________________________________ жөнүндө (декларанттын фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду)
2026-жылдын «___» ___________ күнү берилген өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияга верификация жүргүзүлдү.
Декларантка билдирүү жөнөтүлгөн күн (бар болсо): «__» _____ 20__-жыл.
Верификациялоонун жүрүшүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтар кадрлардын эсепке алуу, автоматташтырылган маалыматтыксистемалары, мамлекеттик маалымат ресурстары, реестрлер жана башка расмий булактардагы маалыматтар менен салыштыруу аркылуу текшерилди.
Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралары жана колдонулган маалымат булактары:_________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Верификациялоонун жыйынтыгы боюнча:
☐ дал келбестиктер аныкталган жок;
☐ тактоону талап кылган так эместиктер/маалыматтардын толук эместиктиги аныкталды;
☐ маалыматтардын анык эместигинин белгилери аныкталды;
☐ кызыкчылыктардын кагышуусунун бар экендигин көрсөтүшү мүмкүн болгон жагдайлар аныкталды.
Аныкталган дал келбестиктер (бар болсо):_________________________________
Декларанттын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү (бар болсо):______________________
___________________________________________________________________
Берилген ырастоочу документтер (бар болсо):_____________________________________________________________
Жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү жана тастыктоочу документтерди кароонун жыйынтыктары (бар болсо):__________________________________________________________
Кабыл алынган чечимдин негиздери: ____________________________________________
______________________________________________________________________________
Көрүлгөн чаралар (бар болсо): __________________________________________________
______________________________________________________________________________
Мамлекеттик органдын жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу субъектке материалдарды жөнөтүү жөнүндө маалымат (бар болсо):__________________________
__________________________________________________________________
Кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча комиссияга же жооптуу бөлүмгө материалдарды жөнөтүү жөнүндө маалымат (бар болсо):_______________________________________________________________
__________________________________________________________________
Верификацианын аяктоо күнү: «_» __________ 20__ж.
Жооптуу кызматкер: __________________ /___________________/ колу, Ф.А.А.