ПостановлениеДействует

Көк-Арт айылдык кеңешинин 2026-жылынын 10-августундагы №114 «Көмүү жайларын брондоонун наркын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 10.08.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын

 кезектеги XXII сессиясынын

 

2026-жыл 10-августундагы №114

 

Көмүү жайларын брондоонун наркын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы №53 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Көк-Арт айыл аймагынын тургундары менен өткөрүлгөн коомдук угуулардын жыйынтыктарын эске алуу менен Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 15-июнундагы чыгыш № 117 сандуу катынын негизинде Көк-Арт айылдык кеңешинин XXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнундө” № 502 Токтомуна ылайык Көк-Арт айыл аймагынын жобоосу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Көк-Арт айыл өкмөтүндө көмүү жайларынын брондоонун кошумча кызматтарынын коэффициенти 27500 сом өлчөмүндө түзүлгөн эсептик таблицага ылайык бекитилсин.

3. Көк-Арт айыл өкмөтүндө көмүү жайларынын брондоонун кошумча кызматтары боюнча келишимдин үлгүсү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковго милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

6. Бул токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет

 

 

 

Төрага

 

К. Исмаилов