ПриказДействует

Приказ Государственного агентства по развитию туризма при Кабинете Министров Кыргызской Республики от 29 октября 2026 года № 33-Б-31 «Об утверждении Перечня случаев и ситуаций, по которым имеется риск возникновения коррупции в системе Государственного агентства по развитию туризма при Кабинете Министров Кыргызской Республики»

Редакцияот 29.10.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

 

2026-жылдын 29-октябрындагы № 33-Б-31

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – ТӨМА) системасында коррупциянын пайда болуу коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин актуалдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, буйрук кылам:

1. ТӨМАнын коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. ТӨМАнын директорунун орун басарларына, бөлүм башчыларына, “Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКнын жетекчилигине:

- коррупциялык тобокелдиктерди жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, минималдаштыруу боюнча туруктуу ишти камсыз кылуу;

- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 3-тиркемесине ылайык, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча планды түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана уюштуруу-укуктук камсыздоо бөлүмүнө берсин.

3. Уюштуруу-укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адисине (юристине):

1) күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн (эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

- ушул буйрук күчүнө киргенде анын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберүү;

2) кызыкдар бөлүмдөрдү (адистерди) тартуу менен коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын түзүү жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизүү;

3) ушул тизмекти ТӨМАнын расмий веб-сайтына жайгаштыруу.

4. Буйрук адамдарга тиешелүү бөлүгүндө жеткирилсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо ТӨМАнын директорунун биринчи орун басарына жүктөлсүн.

6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Директор

 

Э.Дж. Кубатов

 

 

 

ТӨМАнын

2026-ж. «___» ___________ № ___

буйругуна тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын

ТИЗМЕГИ

 

 

№

п/п

Мамлекеттик органдын / жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу)

Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар (коррупциялык тобокелдиктер)

Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалык (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык

Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогору)

Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы

Коррупциялык тобокелдиги бар кызмат орундары

Башка мам. органдарда / жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо, органдарды көрсөтүү)

Функциянын түрү: Адам ресурстарын башкаруу жана адам ресурстары

1.

Адам ресурста-рын башкаруу: кабыл алуу, конкурс, дайын-доо, которуу, ротациялоо, баалоо, илгерилетүү, сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик.

Жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен жарандарды мамлекеттик жарандык кызматка кабыл алуу жөнүндө негизсиз чечим кабыл алуу; аффилирленген жактарга артыкчылык берүү; объективдүү эмес баа берүү; негизсиз сыйлоо же жазалоо; кызыкчылыктардын кагылышуусу.

Системалык

Орто

Уюштуруу-укуктук камсыздоо бөлүмү

ТӨМАнын Директору, ТӨМАнын директордун орун басарлары, Жетектөөчү адис (кадрлар боюнча)

Бул тобокелдиктер КР бардык мамлекеттик органдарынын ишине тиешелүү

2.

Ички кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү, бузуулар жөнүндө материалдарды кароо жана чечимдерди даярдоо.

Материалдарды жашыруу; текшерүүнүн толук эместиги; катышуучуларга кысым көрсөтүү; чараларды тандап колдонуу; маалыматтарды ачыкка чыгаруу; тергөөчүнүн кызыкчылыктарынын кагылышуусу.

Ситуациялык

Орто

Уюштуруу-укуктук камсыздоо бөлүмү

ТӨМАнын Директору, ТӨМАнын директордун орун басарлары, Башкы адис (юрист), Жетектөөчү адис (кадрлар боюнча)

Бул тобокелдиктер КР бардык мамлекеттик органдарынын ишине тиешелүү

3.

Чет өлкөлүк иш сапарларга, окууга, стажировкага жана эл аралык иш-чараларга катышуу үчүн талапкерлерди тандоо.

Жеке адамдарга артыкчылык берүү; тандоо критерийлеринин жоктугу; чакырууларды жашыруу; кызыкчылыктар кагылышкан учурда жолдомо берүү; маалыматка бирдей эмес жетүү.

Ситуациялык

Орто

Бардык структуралык бөлүмдөр

ТӨМАнын Директору, ТӨМАнын директордун орун басарлары, Түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары

Бул тобокелдиктер КР бардык мамлекеттик органдарынын ишине тиешелүү

Функциянын түрү: мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү

4.

Жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн товарларын мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу.

Конкреттүү берүүчү үчүн сатып алуу критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды түзүү, башка катышуучуларды чектөө үчүн сатып алуу критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды негизсиз татаалдаштыруу, сатып алуунун катышуучуларынын сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен аффилирленүүсү, бир булактан сатып алууну негизсиз колдонуу, келишимдин наркын жогорулатуу жана анын шарттарын негизсиз өзгөртүү, анын ичинде жетиштүү негиздерсиз кошумча макулдашууларды түзүү жолу менен, келишимдин шарттарына иш жүзүндө ылайык келбеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу, жеке же башка кызыкчылыктардын кесепетинен.

Системалык

Орто

Уюштуруу-укуктук камсыздоо бөлүмү

ТӨМАнын Директору, ТӨМАнын директордун орун басарлары, жетектөөчү адис (мам. сатып алуулар боюнча) жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү

Бул тобокелдиктер КР бардык мамлекеттик органдарынын ишине тиешелүү

Функциянын түрү: финансылык-чарбалык иш

5.

Финансылык-чарбалык ишти уюштуруу жана жүргүзүү.

Бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун, эмгек акыны эсептөөнүн жана төлөөнүн, компенсациялык жана башка төлөмдөрдүн ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартибин бузуу, кызмат адамы тарабынан жеке кызыкчылыктар үчүн жана үчүнчү жактар тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз эсептөө, которуу, ыйгарып алуу же уурдоо, мыйзамсыз пайда алуу максатында; негизсиз кайра бөлүштүрүү; эсепти жана отчеттуулукту бурмалоо; аткарылбаган иштерге акы төлөө; карызды жашыруу; каражаттарды багыты боюнча пайдалануу тартибин бузуу

Системалык

Жогорку

Уюштуруу-укуктук камсыздоо бөлүмү

ТӨМАнын Директору, ТӨМАнын директордун орун басарлары,

башкы адис (финансы боюнча)

Бул тобокелдиктер КР бардык мамлекеттик органдарынын ишине тиешелүү

Функциянын түрү: ТӨМАнын оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктү башкаруу

6.

Материалдык каражаттарды эсепке алууну, сактоону, эксплуатациялоону жана эсептен чыгарууну уюштуруу.

Ченемдик укуктук актыларда белгиленген материалдык каражаттарды эсепке алуунун, сактоонун жана эсептен чыгаруунун тартибин бузуу негизсиз эсептен чыгарууну, эсепке алуу документтерине анык эмес маалыматтарды киргизүүнү же укукка жат пайда алуу максатында үчүнчү жактардын кызыкчылыктарында аталган мүлктү мыйзамсыз тескөөнү билдирген.

Системалык

Орто

ТӨМАнын жетекчилиги

ТӨМАнын Директору, ТӨМАнын директордун орун басарлары,

башкы адис (финансы боюнча)

Бул тобокелдиктер КР бардык мамлекеттик органдарынын ишине тиешелүү

Функциянын түрү: туристтик инфраструктура объекттеринин абалын талдоо жана туристтик агымдарга мониторинг жүргүзүү

7.

Туристтик инфраструктура объекттеринин абалына талдоо жүргүзүү жана туристтик агымдарга мониторинг жүргүзүү.

Туристтик инфраструктуранын менчик ээлеринин кызыкчылыктарында эсепке алуу документтерине туура эмес маалыматтарды киргизүүдөн улам туристтик инфраструктуранын объекттерине талдоо жүргүзүүнүн тартибин бузуу.

Ситуациялык

Орто

ТӨМАнын жетекчилиги,

ички туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмү

ТӨМАнын Директору, ТӨМАнын директордун орун басарлары, ички туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери

Бул тобокелдиктер ТӨМАнин ишмердүүлүгүнө

Функциянын түрү: туристтик иш жүргүзгөн объекттердин жана субъекттердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү

8.

Туристтик иш жүргүзгөн объекттердин жана субъекттердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү

Туристтик иш-аракеттердин объектилеринин жана туристтик иш-аракеттердин субъекттеринин менчик ээлеринин кызыкчылыктарында эсепке алуу документтерине туура эмес маалыматтарды киргизүү, мыйзамсыз пайда алуу максатында туристтик иш-аракеттердин объекттеринин жана субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бузуу; негизсиз баш тартуу; ашыкча документтерди талап кылуу; жеткиликтүү маалыматты жашыруу; туристтик иш-аракеттердин субъектилеринин жана объекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү

Ситуациялык

Орто

ТӨМАнын, “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду”ААКнын жетекчилиги

ТӨМАнын Директору, ТӨМАнын директордун орун басарлары, “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду”ААКнын кызматкерлери

Бул тобокелдиктер ТӨМАнын ишмердүүлүгүнө

Функциянын түрү: жайгаштыруу каражаттарына категорияларды ыйгаруу жөнүндө күбөлүк берүү

9.

Жайгаштыруу каражаттарына категорияларды ыйгаруу жөнүндө күбөлүк берүү.

Укук ченемсиз пайда алуу максатында жайгаштыруу каражаттарынын менчик ээлеринин кызыкчылыгында эсепке алуу документтерине туура эмес маалыматтарды киргизүүдөн көрүнгөн жайгаштыруу каражаттарына категорияларды ыйгаруунун тартибин бузуу; негизсиз баш тартуу; ашыкча документтерди талап кылуу; каралбаган төлөмдү белгилөө же алуу.

Ситуациялык

Орто

ТӨМАнын, “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду”ААКнын жетекчилиги

ТӨМАнын Директору, ТӨМАнын директордун орун басарлары, “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду”ААКнын кызматкерлери

Бул тобокелдиктер ТӨМАнын ишмердүүлүгүнө

 

Колдонулган кыскартуулар:

ТӨМА - Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги.