Постановление Орловского городского кенеша от 19 июня 2026 года №103/15-29 «О подаче проектных заявок в Фонды развития»
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-июну №103/15-29
Өнүктүрүү фонддорго долбоордук өтүнмөлөрдү тапшыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкү долбоорлорду каржылоо үчүн өнүктүрүү фонддорго өтүнмөлөр тапшырылсын.
- “Подгорное айылында мини-футбол аянтчасын куруу”;
- “Муниципалдык ишканалар үчүн 3 атайын техника сатып алуу”;
- “Бордунский айылында сейил бак куруу”.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестицияларды тартуу, инновациялар жана санариптештирүү боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |