Постановление Орловского городского кенеша от 19 июня 2026 года № 102/15-29 «О досрочном прекращении полномочий депутата Орловского городского кенеша Шакун Г.В.»
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-июну № 102/15-29
Орловка шаарынын кеңешинин депутаты Г.В.Шакундун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине жана "Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5 жана 10-пунктарына ылайык, Г.В.Шакун 2025-жылдын декабрь айынан тартып Орловка шаарында жашабагандыгы жөнүндө актты эске алуу менен, Орловка шаарынын кенеши токтом кылат:
1. "Эмгек" саясий партиясынан шайланган Орловка шаарынын кеңешинин депутаты Галина Владимировна Шакундун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ушул токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү Кемин аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |