Постановление Орловского городского кенеша от 19 июня 2026 года № 101/15-29 «Об утверждении прейскурантов цен на услуги водоснабжения и дополнительные услуги, оказываемые муниципальным предприятием»Орловский водоканал"
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-июну № 101/15-29
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана кошумча кызматтардын баалары боюнча “Орловка суу каналы” муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин прейскуранттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн 2026-жылдын 30-мартындагы “Орловка суу каналы” муниципалдык ишкана тарабынан ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин прейскурантын бекитүү жөнүндө” №6 буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 токтому менен бекитилген “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибинин” негизинде, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. "Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскуранты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ичүүчү суу менен камсыздоо тарифи бюджеттик уюмдар жана ишканалар, ошондой эле башка керектөөчүлөр үчүн "3.0" коэффициенти менен - 46,8 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. "Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасынын кошумча кызмат көрсөтүүлөрүнүн прейскуранты тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бул токтом тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин өнөр жай, экология, өзгөчө кырдаалдар, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |