Постановление Орловского городского кенеша от 19 июня 2026 года № 99/15-29 «Утверждение программы социально-экономического развития мэрии г.Орловка на 2026 год»
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата
социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
2026-жылдын 19-июну № 99/15-29
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоору жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1.Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом тиркемеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |