ПостановлениеДействует

Постановление айылного кенеша Узун-Кыр айылного аймака Узун-Кыр от 17 июня 2026 года № 77/XIX «Об утверждении тарифа за использование питьевой воды»

Редакцияот 17.06.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 17-июну № 77/XIX

 

Ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн тарифти бекитүү жөнүндө

 

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 13-мартындагы №01-9/426 ЖЧК “Аквалюкс Восток” кайылуусун карап берүү жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11 пунктуна ылайык, жергиликтүү калкты сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, жана таза суу тарифтерин иш жүзүндөгү чыгымдарга шайкеш келтирүү максатында,Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.323-контурдун суу пайдалануучулары үчүн ичүүчү сууну пайдалангандыгына акы төлөө тарифи бир куб метрге 34,18 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.«Аквалюкс» ЖЧКсына 323-контурдун суу пайдалануучуларын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, ошондой эле суу менен камсыздоо тармактарына техникалык кызмат көрсөтүү жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча зарыл иш-чаралар көрүлсүн

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага

 

К.Б.Сманов