ПостановлениеДействует

Постановление айылного кенеша Узун-Кыр айылного аймака Узун-Кыр от 17 июня 2026 года № 75/XIX «Об утверждении тарифа на перевозку пассажиров по маршруту №336»Бишкек- Алга-ГЭС-5"

Редакцияот 17.06.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 17-июну № 75/XIX

 

“Бишкек- Алга-ГЭС-5” №336 маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө

 

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 21-майындагы №01-9/788 ЖЧК “Каниет КЖ” кайылуусун карап берүү жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27,34-беренелерине ылайык, калктуу конуштардын чектеринде коомдук транспорттун иштешин камсыз кылуу жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну жөнгө салуу максатында, Жер-Казар, Төмөнкү Норус жана Дружба айылдарынын тургундары катышкан 2026-жылдын 21-майындагы жамааттын жыйынынын чечиминин негизинде,Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.«Бишкек — Алга — ГЭС-5» № 336 автобустук каттамы боюнча бир жүргүнчүнү ташуу тарифтери төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:

Бишкек шаарынын автобекетинен Жер-Казар, Дружба, Төмөнкү Норус айылдарына чейин — 40 сом;

Сельсовет — Жер-Казар, Дружба, Төмөнкү Норус  — 30 сом;

Бишкек – ГЭС-5 – 25 сом;

аталган айылдардын ортосунда жүрүүдө  — 20 сом;

2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.Б.Кубандыковго жүктөлсүн.

 

Төрага

 

К.Б.Сманов