Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы «Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Казан-Куйган айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы жалпы билим берүү мектебинин спорттук аянтчасын ремонттоо үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» №15/4 токтому.
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XV КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 19-ноябры №15/4
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Казан-Куйган айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы жалпы билим берүү мектебинин спорттук аянтчасын ремонттоо үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Казан-Куйган айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы жалпы билим берүү мектебинин спорттук аянтчасын ремонттоо үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттын долбооруна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХV кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын долбооруна көрсөтүлүп, жалпы сметалык наркы 3 416 360 (үч миллион төрт жүз он алты миң үч жүз алтымыш) сомду түзгөн Казан-Куйган айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы жалпы билим берүү мектебинин спорттук аянтчасын ремонттоо долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 922 417 (тогуз жүз жыйырма эки миң төрт жүз он жети) сом акча каражаты каралсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |