ПостановлениеДействует

Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы «Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо долбоорун жактыруу жөнүндө» №15/5 токтому.

Редакцияот 19.11.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XV КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 19-ноябры  №15/5   

  

     Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо долбоорун жактыруу жөнүндө

 

Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыктан долбоорду жактыруу максатында, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX  чакырылышынын ХV кезектүү сессиясы;

 

                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо долбоору жактырылсын.

2.    Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында Нарын райондук өнүктүрүү фондуна артыкчылыктуу долбоор катары сунушталсын.

3.    Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

   Төрага

Ы. Бакаев