Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы «Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» №15/6 токтому.
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XV КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 19-ноябры №15/6
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап,, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХV кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп, жалпы сметалык наркы 7 757 195 (жети миллион жети жүз элү жети миң бир жүз токсон беш) сомду түзгөн Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 2 327 159 (эки миллион үч жүз жыйырма жети миң бир жүз элү тогуз) сом акча каражаты каралсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |