Приказ Министерства труда, социального обеспечения и миграции КР от 18 сентября 2026 года № 227 «Об утверждении Методологии разработки профессионального стандарта и Методологии разработки отраслевой рамки квалификаций»
Көңүл буруңуздар!
Ушул буйрук
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-июлундагы № 77
токтому күчүн жоготту деп таанылган учурдан
тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО
ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 18-сентябры № 227
Кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу методологиясын жана
Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу
методологиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5- июнундагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин ишке ашыруу жана кесиптик стандарттарды жана квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгууда иш берүүчүлөрдүн бирикмелерине, кесиптик коомдоштуктарга, кесиптик билим берүү уюмдарына усулдук жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №252 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө” (мындан ары – Министрлик) Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
‒ Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясы 1-тиркемеге ылайык;
‒ Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуунун методологиясы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кесиптик стандарттарды жана квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгууда жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелерине жана башка кызыкдар уюмдарга Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясын жана Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясын жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Министрликтин Эмгек башкармалыгы:
– ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде кабыл алынган буйруктун электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтүүнү камсыз кылсын;
– Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясын жана Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана усулдук жардам көрсөтүүнү уюштурсун.
4. Министрликтин Аткарууну контролдоо жана канцелярия бөлүмү бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Министрдин биринчи орун басары К.С. Досматовго жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 77 токтому күчүн жоготту деп таанылган учурдан тартып күчүнө кирет.
Министр | А.К. Имангазиев |